“Яндекс.Такси” компаниясы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин ишкана такси айдоочуларынан 21% чейин комиссия алып жатканы тууралуу сөзүнө жооп берип, маалыматты четке какты. Компания Кыргызстанда сервисти пайдалануунун акысы 10% түзөрүн, ал эми Бишкекте жогорулатылган тарифтерде кошумча нарк салыгын жана сатуудан түшкөн салыкты кошуп эсептегенде 17% ашпай турганын билдирди.
Жанар Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигин айткан.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Яндекс.Такси” компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда монополист деп тапкан. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта “Яндекс.Такси” компаниясына ээлик кылган “Яндекс” бизнес тобунун жетекчиси Даниил Шулейкону кабыл алып, компаниянын айдоочулары салык төлөөгө тийиш экенин эскерткен.
“Яндекстин” өкүлүнүн жолугушууда айтканына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 100 миңден ашык айдоочу компаниянын тиркемесине кошулган. “Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.
Компанияны былтыр күзүндө Орусиянын бийлиги да такси рыногунда монополист деп таанып, бааны көтөрүү, айдоочулардын тапканынан үлүш алуу иштерин сынга алган жана монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.
Былтыр декабрда Казакстанда монополияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын негизинде “Яндекс.Такси” административдик жоопкерчиликке тартылып, өлкөнүн санарип системасын колдоо фондуна өз ыктыяры менен 3 млрд тенге (6,5 млн доллар) төлөп бергени кабарланган. (BTo)
Дагы караңыз
Грузияда евроинтеграцияны жактаган ондогон киши кармалып, журналисттер сабалдыСамат Матцаков кармалышын адвокаттык иши менен байланыштырдыКыргызстанда адам сатуу азайбай жатканы Бишкектеги жыйында айтылдыДин боюнча мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты ЖКга түштүБишкекте курулушта иштеген жигит көп кабаттуу үйдөн кулап каза болдуБишкекте адамды сүзүп алган айдоочу “Тез жардамды” коштоп баратып каза болдуИзраил борбордук Газаны бомбалоону күчөттү, 17 киши каза тапты