Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

Кыргызстанда адам сатуу азайбай жатканы Бишкектеги жыйында айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Оазис" бейөкмөт уюму соңку жылдары адам сатуунун курмандыгына айланган 58 киши аныкталганын билдирди. Алардын ичинен 15и жашы жете элек кыздар.

Уюмдун маалыматында 24 эркек киши кулчулукка сатылган. Маалымат 29-ноябрда Бишкекте "Адам сатууга каршы Улуттук чараларлы күчөтүү" деп аталган жыйында айтылды.

"Оазис" бейөкмөт уюму булардын ичинен 40 учур боюнча укук коргоо органдарына маалымат берилгенин, 16 учур боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Жыйында Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстанда адам сатуу негизги көйгөй боюнча калып жатканы белгиленди. Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгы иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстан адам сатууда мурда транзиттик өлкө болуп келсе, азыр өлкөнүн өзүнүн жарандары да сексуалдык эксплуатацияга, кулчулукка сатылып жатканын маалымдады.

Адам сатуу кылмышына каршы күрөшүү үчүн БУУнун башкармалыгы тарабынан Кыргызстанда бул багытта укуктук базаны бекемдөө, адам сатуунун курмандыктарын коргоо, атайын адистерди окутуу багытында иштер жүргүзүлгөн. Анын ичинде адам сатуунун курмандыктарын коргоо жана колдоо боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу иштери жүргүзүлүп, алар үчүн атайын окуу каражаттары чыгарылган.

Кыргызстанда жарандар, жашы жете элек балдар, кыздар кулчулукка сатылып, талаа иштерине, мал багууга, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгон учурлар айтылып келет. Адам сатуунун курмандыктары өлкөнүн өзүндө да, коңшулаш Казакстан, Орусияда кулчулукта жүргөнү тууралуу маалыматтарды "Азаттык" көп жазган.

Быйыл Ошто 15 жаштагы кыз бир жылдан ашуун убактан бери өмүрү көрбөгөн аялдардын колуна түшүп, сойкулук кылууга мажбурланганы аныкталган.

Кыргызстандын 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жубайлар быйыл Казакстандын Жамбыл облусунда табылган. Аларды бир айга мал кароого жалдаган адам 15 жыл кулчулукта иштеткен.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG