Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Грузияда евроинтеграцияны жактаган ондогон киши кармалып, журналисттер сабалды


Тбилисидеги нааразылык акциясы. 29-ноябрь, 2024-жыл
Тбилисидеги нааразылык акциясы. 29-ноябрь, 2024-жыл

29-ноябрда Тбилисиде парламенттин алдына нааразылыгын билдирип чыккандарды тартип коргоочулар күч менен кууп таркатып, жаш агызчу газ, суу атмаларды колдонушту. Ондогон киши кармалды. Парламент коопсуздукка жаралган коркунуч деңгээлин жогорку чекке көтөрдү. Эртең менен грузин баш калаасында өкмөттүн евроинтеграция жараянын токтотуу чечимине нааразы миңдеген киши чогулган.

Бейшембинин кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин тынч акция башталган.

Маалыматка караганда, полициянын ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү (ОМОН) демонстранттарга каршы желим ок колдонгон, чогулгандарды жана айрым журналисттерди уруп, сабаган.

“Азаттыктын” грузин редакциясынын кабарчысы Давид Цагарели окуяларды түз чагылдырып жатканда тартип коргоочу ичке бир койгондуктан жыгылып кетти. Ага чейин TV Formula телеканалынын журналистин полиция кызматкери башына бир нече жолу койгулаганы камераларга түшүп калган.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 43 киши кармалганын билдирди. Алар майда бейбаштык жана полицияга баш ийбөө үчүн айыпталууда. Министрлик 32 кызматкери жабыркаганын, бирөө ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Бейшемби күнкү акцияга Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили катышты. “Мен бул кишилерге тилектешмин. Каршылык көрсөтүү башталды жана жаңы шайлоо өтмөюнчө токтобойт”, - деп айтты мамлекет башчы кабарчыларга.

Зурабишвили ОМОНго кайрылып, алар “Грузиянын суверенитетин коргоого тийиш” деп айтып, “Орусияга же Грузияга кызмат өтөп жатасыңарбы?” деп сурады.

Евроинтеграцияны жактаган чакан митингдер Батуми, Гори, Кутаиси жана Зугдиди шаарларында да болду.

Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.

Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.

Президент жана оппозиция бир ай мурун болгон парламенттик шайлоо башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG