Министрлер кабинетинин атынан сунушталган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшүп, 25-ноябрда каттоого алынды.
Документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.
Мыйзам долбоору кабыл алынса китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.
“Эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес, бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында бирдей. Кудайга сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт”, - деп айтылат документте.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты. (BTo)
Дагы караңыз
Самат Матцаков кармалышын адвокаттык иши менен байланыштырдыБишкекте курулушта иштеген жигит көп кабаттуу үйдөн кулап каза болдуКыргызстанда адам сатуу азайбай жатканы Бишкектеги жыйында айтылды Ысык-Көлдүн суу деңгээлин көтөрүү үчүн 200 млн доллар бөлүнөтБишкекте адамды сүзүп алган айдоочу “Тез жардамды” коштоп баратып каза болдуИзраил борбордук Газаны бомбалоону күчөттү, 17 киши каза таптыӨкмөт “Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкарууну дагы узарттыФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 107-орунга түштү