Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Ысык-Көлдүн суу деңгээлин көтөрүү үчүн 200 млн доллар бөлүнөт


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көл суусунун деңгээлин көтөрүү жана экологиялык балансты сактоо үчүн облус аймагында атайын копмлекстүү иш-чаралар өтөт. Анын алкагында 100 миң гектар сугат жер заманбап технологиялар менен тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөт. Долбоорду ишке ашырууга 200 млн доллар бөлүнөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 29-ноябрда Ысык-Көлдө өтүп жаткан Улуттук суу форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын сөзүнө караганда, долбоор көлгө куюучу суулардын азаюусунун алдын алат.

"Ошондой эле ирригациялык системалар жаңыртылат. Ага 188 млн доллар өлчөмүндө инвестиция зарыл. Бул суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт", - деди министр.

Бакыт Төрөбаев суу чыгашасын көзөмөлдөө үчүн кошумча 2,2 миң автоматтык эсептегичтер үчүн 4,4 млн доллар сарпталарын да кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, бул долбоорду ишке ашыруу менен Ысык-Көлгө 200 млн метр кубга чейин сууну бурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экологдор соңку үч жылда эле көлдүн суусу жээктен 10 метрге чейин тартылып, жарым метрге тайыздап кеткенин "Азаттыкка" билдиришкен. Алардын маалыматына ылайык, көлгө куйган суу 70% азайган.

Жыл сайын Ысык-Көлдүн суусу тартылып баратканы тууралуу маселени президент Жапаров 2023-жылы сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин саммитинде көтөргөн. Ал аймактагы өлкөлөрдү суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG