Ысык-Көлдө суунун деңгээли 98 жыл аралыгында 3,5 метрге азайды. Гидрометеорология кызматынын директору Нуртемир Мурзабековдун маалыматына караганда, суунун деңгээлинин төмөндөшүнө мөңгүлөрдүн жана көлгө куйган суунун азайышы себеп болгон.
"Орто эсеп менен жыл сайын көлдүн жээги үч жарым сантиметрге тартылып жатат. Көлдүн деңгээли 1926-жылдан тарта текшерилип келет. Айрым жылдары көтөрүлгөн учурлар да болгон. Бирок көбүнчө суунун деңгээли төмөндөп жатат", - деген Мурзабековдун сөзүн "Кабар" агенттиги жазды.
Экологдор соңку үч жылда эле көлдүн суусу жээктен 10 метрге чейин тартылып, жарым метрге тайыздап кеткенин "Азаттыкка" билдиришкен. Алардын маалыматына ылайык, көлгө куйган суу 70% азайган.
Жыл сайын Ысык-Көлдүн суусу тартылып баратканы тууралуу маселени президент Жапаров 2023-жылы сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин саммитинде көтөргөн. Ал аймактагы өлкөлөрдү суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган. (ZKo)
Дагы караңыз
Астана саммити: Садыр Жапаров тынчтык жана коопсуздук үчүн биригүүгө чакырды ЖККУнун Астана саммити. Украинадагы кырдаал, казак коомундагы нааразылык Министр Машиев: Кызыл-Омпол келерки жылдан баштап иштетилет Орус рублинин артынан казак валютасы да наркын жоготууда"Электр энергиясы жетпей жатат". Кыргызстан электр импортун дагы көбөйтөт