Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыс боюнча 813 адам жазадан бошотулганын билдирди.
Мекеме дагы 325 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылганын кошумчалады. Булардын канчасы түрмөдөн чыкканы тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымат бере элек.
Жазадан бошотулган 813 адамдын ичинен 25и 60 жаштан өткөн эркектер менен 55 жаштан ашкан аялдар, 10у I жана II топтогу майыптар, 25и жашы жете элек экиден кем эмес балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары барлар. 688и биринчи жолу анча оор эмес кылмыштарды жасагандар. Алты аял жалгыз бой энелер, бешөө көп балалуу аялдар.
Мындан тышкары, жазасын өтөп жаткан жабык жайлардан качып кетип, кийин мунапыс мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өз ыктыяры менен келген жети адам кылмыш жазасынан толугу менен бошотулган.
Абактагыларга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров быйыл 9-февралда кол коюп, ал 13-февралда күчүнө кирген.
Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулары айтылган:
- жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан өткөн эркектер;
- I - II топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалуулар;
- биринчи жолу соттолгондор, жалгыз бой энелер, көп балалуу аялдар;
- мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылга жетпеген жаза мөөнөтү калган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр.
Жаза аткаруу кызматынын 2024-жылдын башындагы маалыматында, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. (BTo)
Дагы караңыз
Милиция Чүйдө 12 мектеп окуучусу таттууга ууланганын билдирди Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу 20-январга чейин камалдыДепутат “Яндекс.Таксинин” ишмердигин текшерүү керек экенин айттыКыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кеттиЖК мектепте акча чогулткандарга айып салуу боюнча долбоорду колдодуСадыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Астанага барды27-ноябрь: Күйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго кымбаттады, Австралия балдарга соцмедианы чектөөнү көздөйт