Милиция Чүйдө 12 мектеп окуучусу таттууга ууланганын билдирди

Окуучулар ууланган делген таттуулар.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүй районундагы Искра айылында 12 мектеп окуучусу таттууга ууланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылган. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Балдардын абалы туруктуу.

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Териштирүүдө 27-ноябрда 7-класстын бир окуучусу Искра айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдан “BEN 10” фирмасынын таттууларын жана суусундук таап, аларды мектепке алып келип, классташтарына да берген. Окуучулар ушундан улам ууланып, ооруканага кайрылган.

Бул продукциялар алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Чүй райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациясынын жана Чүй райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу 20-январга чейин камалдыДепутат “Яндекс.Таксинин” ишмердигин текшерүү керек экенин айттыКыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кеттиЖК мектепте акча чогулткандарга айып салуу боюнча долбоорду колдодуСадыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Астанага барды27-ноябрь: Күйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго кымбаттады, Австралия балдарга соцмедианы чектөөнү көздөйт