Кыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кетти

Орус рубли.

Кыргызстанда орус валютасы - рублдин сомго карата курсу түшүп кетти. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 28-ноябрда рублдин курсу 81 тыйын деп турат.

Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир рубль 78 тыйындан сатып алынып, 83 тыйындын тегерегинде сатылууда.

Ал эми Орусиянын өзүндө ушул күндөрү 1 доллар 113 рублге чейин көтөрүлүп кетти.

Расмий маалыматка караганда, Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Алар рублдин куну түшсө, тапкан каражаты Кыргызстанга салганда аз болуп жатканын айтышууда. (BTo)

Дагы караңыз

ЖК мектепте акча чогулткандарга айып салуу боюнча долбоорду колдодуСадыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Астанага бардыАвстралияда баланы TikTok жана башка платформалардан чектөө сунушу колдоо табуудаТокаев Казакстан Орусиянын "ишенимдүү союздашы" экенин айттыОрусияда согушту айыптаганы үчүн соттолгон депутатка жаңы иш козголдуОрусия германиялык эки кабарчыны өлкөдөн чыгарып жатканын билдирдиГрузиянын башкаруучу партиясы президенттикке мурдагы футболчуну көрсөтөрүн жарыялады