"Жогорку мартабалуу Владимир Путин мырза, Астанага кош келиңиз!"
Шаршембиде Астанада мамлекеттик сапар менен келген Орусиянын президенти Владимир Путинди өзгөчө салтанат менен тосуп алышты. Акордо тараткан сүрөттөрдө аба майданында ардактуу кароол тизилип, асманда алты учак үч түстүү орус желегинин өңүн элестетип, абаны жиреп учту.
"Жогорку мартабалуу Владимир Путин мырза, Астанага кош келиңиз!"
Астананын аба майданында бир күн мурун мына ушундай жазуулар илинип, казакстандыктар аны кызуу талкууга айландырды. "Жогорку мартабалуу" деген жазуу айрым интернет колдонуучулардын чындап ачуусун келтирди.
Көп өтпөй Казакстандын Тышкы иштер министрлиги илинген баннердеги жазуу боюнча түшүндүрмө таратып, орус президентинин сапары мамлекеттик макамга ээ болгондугуна байланыштуу Путинге "жогорку мартабалуу" деп кайрылуу протоколдун негизинде жазылганын билдирди.
Путин президенттик кызматты аркалап турганда Казакстанга 31 ирет, орус өкмөтүн жетектеп турганда үч жолу келди. Бул жагынан алганда Орусиянын лидери эң жакын союздашы Беларуска караганда да Астанага көп каттаптыр. Путин беларус жергесине 27 жолу барыптыр.
"20дан ашуун келишимге кол коюлат"
Путиндин бул сапары Орусиянын Украинага каршы согушу курчуп турган маалда өтүүдө.
"Бүгүн биз абдан маанилүү документтерди – 20 келишим кабыл алабыз. Алар, албетте, биздин алакабызды жана кызматташтыгыбызды илгерилетүүгө кошумча түрткү болот", - деди Токаев Путинге кайрылып.
Акордонун сайты Астана - Москва ортосунда кол коюлчу 20 документ тууралуу маалымат тарата элек.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев сапардын алдында Путин менен талкууланчу маселерге учкай токтолгон:
«Орусиянын президенти менен Астанада боло турган жолугушууда биз соода-экономикалык, транспорттук-логистика, отун-энергетикалык жана илимий-техникалык тармактарда кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулайбыз. Биз ошондой эле эл аралык уюмдардын жана интеграциялык түзүмдөрдүн алкагында мындан аркы өз ара кызматташтыкты “талкуулоону” жана тилекке каршы, учурда курч болуп жаткан дүйнөдөгү кырдаал боюнча пикир алмашууну пландаштырып жатабыз”.
Акордо кабарлагандай Владимир Путин эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкка токтолду:
"Орусия Казакстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Соода жүгүртүү өсүүдө, өткөн жылы ал дээрлик 28,5 млрд долларды түздү. Казак экономикасына буга чейин салынган акчанын көлөмү 13 млрд долларга жетти. Албетте, биз жарандык коом, билим, илим жана маданият аркылуу гуманитардык байланыштар өнүгүп жатканын абдан баалайбыз".
Орус тили, коопсуздук, АЭС
26-ноябрда «Казахстанская правда» гезитинде жарыяланган макалада Путиндин Астанага сапары жана эки өлкөнүн алака-катышы тууралуу сөз болгон. Макалада белгиленгендей, Путин Токаевге Эл аралык орус тили уюмун түзүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирген:
"Росатом" Казакстанда өзөктүк отун цикли жана уран тармагын өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүп келет. Орусиянын мамлекеттик корпорациясы казак тарап менен жаңы масштабдуу долбоорлорго даяр".
2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш мамлекеттери байланышын токтоткон соң Москва эл аралык изоляцияда калды.
"Акордо Путиндин эл аралык алкакта жабыркаган беделин кайра көтөрүү үчүн баарын жасады", - деди саясат таануучу Димаш Алжанов "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде.
"Учурда коопсуздук маселеси эле эмес, Орусиянын кесепетин кантип азайтуу керектиги жөнүндө сөз кылуу актуалдуу болмок. Эгер согуш бир канча убакытка чейин улана турган болсо, Казакстан буга чейин карманган тең салмактуулук позициясынан Орусия тарапка ыктап кетиши мүмкүн. Бул биздин өлкө үчүн чындыгында кооптуу жагдай. Анткени биздин экономикабыз жетиштүү деңгээлде өзүн-өзү камсыздай тургандай ички реформаларды жүргүзгөн эмес жана Москванын кызыкчылыктарынын басымында калган. Ошондуктан көп тармактар боюнча биздин абалыбыз анча жакшы эмес", - деп Алжанов белгиледи.
Ал эми британиялык журналист Жоанна Лиллис Путиндин негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон Казакстан өңдүү өлкөлөр "Кремлдин таасир чөйрөсү үчүн абдан маанилүү" деп эсептейт.
"Путин, албетте, Казакстан дагы эле Орусиянын таасир чөйрөсүндө экенин көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Анын сапары бул аракеттин маанилүү бөлүгү деп ойлойм".
Орусия менен Казакстандын кызматташтыгы туурасында айтып жатып, согуш башталгандан бери Путин Астанага үч жолу, Токаев Орусияга 12 жолу барганын белгилеп өтөлү.
Астана менен Москванын соода жүгүртүүсү да үч жылдан бери өстү. Эгер согушка чейин 2021-жылы 24 миллиард доллар болсо, 2022-жылы 27 миллиарддан ашкан. 2023-жылы бул көрсөткүч бир аз кыскарган (26 миллиардга чейин). Үстүбүздөгү жылдын январынан августуна чейин өз ара сооданын көлөмү 20 миллиардга жакындады.
Казакстандагы орусиялык компаниялардын саны үч жылдын ичинде 17 миңден 23 жарым миңге чейин өстү. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча өлкөдөгү дээрлик ар бир экинчи чет элдик компания орусиялык. Эксперт Темур Умаров Орусиянын Борбор Азиядагы "экономикалык экспансиясына" токтолду.
"Бул көбүнчө Москванын Батыш рыногунан четтетилип калганы менен байланыштуу болуп жатат. Орусия азыр Борбор Азияга кайрадан көңүл буруп, белгилүү бир орундарды ээлегенге аракет кылууда. Бул Борбор Азия үчүн таптакыр терс көрүнүш деп эсептебейм. Экономиканын айрым тармактарында кандай болгон күндө да экспансия болот”.
Орусия менен Казакстандын эң жакын кызматташтыгы энергетика тармагында байкалат.
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу маселеси узак жылдардан бери утур-утур көтөрүлүп келет. АЭС маселеси соңку бир канча жыл ичинде өзгөчө күн тартибине чыгып, коңшу өлкөдө 7-октябрда референдум өткөн.
Чет элдик алты компания Астанага АЭСтин ондон ашык долбоорун сунуштаган. Алардын арасында кореялык, кытайлык, франциялык компаниялар жана Орусиянын "Росатом" ишканасы бар.
Казакстан 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканын айыптаган да, колдогон да эмес. Москванын Украинанын айрым аймактарын аннексиялап алганын тааныган жок. Расмий Астана бул маселелерде нейтралитет позицияда.
Дагы караңыз Борбор Азия өлкөлөрү БРИКСке кошулууга ашыкпайт
Бирок сентябрда Астана өткөн С5+1 форматындагы экинчи саммитинин алдында президент Токаев чакан чөйрөдөгү жолугушууда немис канцлери Олаф Шольцге "аскердик мааниде орус армиясын эч ким ута албайт" деп айтканын казак медиасы жазып чыккан. Токаев "Согуштун мындан ары күчөшү бүткүл адамзат жана биринчи кезекте орус-украин жаңжалына аралашкан өлкөлөр үчүн орду толгус кесепеттерди алып келет" деп айтса, Шольц бул пикирге макул болбогонун, Орусия Украинага чабуул жасап киргенден бери Берлин Киевди колдоп келерин билдирген.