Ош шаардык кеңешине Болот Баетов төрага болуп шайланды

Ош шаардык кеңеши. 27-ноябрь, 2024-жыл.

27-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешине шайланып келген депутаттарга мандат тапшырылды.

6-чакырылышка жалпы беш партия босого пайыздан өтүп келген. Шаардык кеңештеги эң көп депутаттык орунду “Жаңы-Кыргызстан” партиясы ээлеп, 22 мандат, “Ынтымак” партиясы 10, “Мурас” партиясы 8, “Бир Бол” партиясы 5, “Милдет” партиясы 6 мандат алды.

Аймактык реформадан кийин Ош шаардык кеңешинде депутаттардын саны 51ге көбөйгөн.

Биринчи отурумунда жаңы шайланып келген эл өкүлдөрү шаардык кеңештин курамын бекитип, төрагалыка “Жаңы Кыргызстандан” шайланып келген Болот Баетовду шайлашты.

Болот Баетов 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "Жаңы Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин тизме башында турган. Ош шаардык кеңешинде буга чейин да депутат болгон. Кесиби юрист.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн "Ата Журт - Кыргызстан" партиясы ал бийликте турганда шайлоого катышпай турганын билдирген. Кийинчерээк "Жаңы Кыргызстан" партиясын Ташиевге байланыштырган маалыматтар айтылып, партиянын талапкерлери аны четке кагышкан. Башкы чекист өзүн "Жаңы Кыргызстанга" байланыштырган сөздөр тууралуу комментарий берген эмес.(ZKo)

Дагы караңыз

Румынияда президенттикке орусиячыл талапкердин ат салышуусуна нааразылык айтылуудаКызыл-Кыяда төрт баланы сабаган 12 өспүрүм кармалдыБишкектеги “Ай-Пери” бизнес борборун 568 млн сомго сатуу пландалууда"Чубак ажыны тааныйсыңбы?" Жоолукчан аялдар Москвага кирбей кайтты Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 640 адам каза болдуИзраил менен “Хезболла” ок атышууну токтотууну макулдашты