Түркияда жашырынып жүргөн өзбекстандыктарды кармоо күчөтүлөт
24-ноябрда Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу сонку жылдарда Өзбекстанда тергөөдөн качып, Түркияда баш калкалап жүргөндөрдүн саны өсүп баратканын кабарлады.
Маалыматта быйылкы жылдын 10 айында эле издөөдөн качып, Түркиянын аймагында жашырынып жүргөн 37 айыпталуучу кармалып, сот жообуна тартылганы айтылат.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматында "эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара укуктук жардам көрсөтүү чараларынын алкагында шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу натыйжалуу болууда" деп жазылган.
Консулдук мындан ары издөөдө жүргөн адамдарды кармоо чаралары күчөтүлүп, кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш кызуу улана турганын белгилейт.
"Азаттыктын" өзбек кызматы- "Озодлик" радиосу быйыл 12-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, ички иштер министри Али Йерликая жана Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси Ибрагим Калын баштаган делегацияны кабыл алганын кабарлаган. Бул сапардын соңунда Ташкент менен Анкаранын расмий өкүлдөрү эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча келишимдерге кол коюшкан.
Сонку эки жылда Түркиянын коопсуздук кызматы бул өлкөдө жашаган өзбек активисттерине басым жасап, өлкөдөн депортациялаган фактылар утур-утур айтылып келет.
Өзбекстандык активисттерди аэропортто Түркияга киргизбей койгон учурлар да көбөйүүдө.
Кырдаалдан кабардар булактардын "Озодликке" берген маалыматына ылайык, Түркиянын коопсуздук кызматы бул аракеттерди "Өзбекстан берген тизменин негизинде" жүргүзүүдө. Бирок бул тизмеде кимдер бар экени белгисиз.
"Өзбекстандан качып, Түркияга келесиң!"
12-ноябрда Алп Кылынч аттуу колдонуучу Х баракчасына өзбекстандык Фотима Абдумуминова Түркияда мыйзамсыз сулуулук салонун иштетип атканын жазып чыкты. Ал Абдумуминованын Инстаграмда 300 минден ашык колдонуучусу бар экенин, Анкара шаарында сулуулук салонун ачып, медициналык процедураларды көзөмөлсүз жасап жатканын божомолдойт:
"Өзбекстандан качып, Түркияга келесиң! Бул жерде алдамчы доктур болуп, мафияларга, мамлекеттик мекемелерге таянып, анан "мени текшеришти, уруксат беришти" дейсиң. Мамлекеттин кайсы мекемеси ушундай адамдарды көзөмөлдөп, лицензиясы жок, салыксыз, уруксатсыз, диплому жок иштешине көз жумуп жатат?" - деп жазды Кылынч.
Мыйзамга ылайык, Түркияда филлер жана ботокс процедураларын атайын билими бар дерматологдор жана пластикалык хирургдар гана жасай алат.
Фотима Абдумуминова бул дооматтарды четке кагып, эл аралык диплому бар экенин, тийиштүү мекемелер үзгүлтүксүз анын салонун текшерип турганын айтып чыкты.
Анын Өзбекстандан качып чыкканы же качкын болуп Түркияга киргени тууралуу маалымат жок.
Х платформасында өзбекстандык ишкер аял тууралуу айтылган дооматтар кызуу талкууга жем таштады. Түрк маалымат каражаттары өз өлкөлөрүнөн качып, Түркияга кирген чет өлкөлүктөр тыкыр текшерилбей жатканына нааразылыгын айта баштады.
Айрыкча "сулуулук салондорунун арам акчаны адалдоого байланышы бар" деп айыпталып, кармалган жубайлар Дилан жана Энгин Полатка байланыштуу жаңжалдан кийин талкуулар күч алган. Алар былтыр ноябрда Түркиянын алты облусунда жүргүзүлгөн атайын операциядан кийин тергөө абагына камакка алынган. Жубайлар 10 айдан кийин эркиндике чыккан.
Дагы караңыз
Түркияда Инстаграм "жылдыздарына" аңчылык башталдыӨзбекстандыктар кириптер болгон дагы бир окуя октябрь айынын башында Измир шаарында катталды. "Демирөрен" кабар агенттигинин маалыматы боюнча, 2-октябрда Дубайдан Измир шаарына учуп барган алты өзбекстандык аялдан 18 килограмм алтын конфискацияланган.
Аэропорттун кызматкерлери шектүүлөр унаасына отурган жерден кармаган. Алардын жанында 100 грамдык алтын куймалар табылган. Кийин медициналык текшерүүдөн өткөндө, өзбек келиндердин ичинен куймалар көрүнгөн. Алты өзбекстандык аял менен бир түрк киши шектүү деп кармалып, кийин сот камакка алганы кабарланган.
Соттон кийин операция жасалып, дагы тогуз килограмм алтын куймалар чыгарылган. Өзбекстандыктардан конфискацияланган алтындын жалпы баасы бир жарым миллион долларга бааланган.
"Жаза аткаруу системасындагы жарандык коом" фондунун маалыматы боюнча, 2023-жылы Түркиядагы абактарда 11 345 чет өлкөлүк отурат. Алардын канчасы өзбекстандык экени белгисиз.
Түркиядан абактан чыгып, Ташкентте кармалган Шохрух
Быйыл 26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжoновдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан.
Окуядан бир күн өткөндөн кийин социалдык тармактарда видео тарап, анда эки киши жогорку даражалуу аткаминердин өмүрүнө кол салуу аракети үчүн жоопкерчиликти "өз мойнуна алышарын" айтып чыгышкан.
"Озодлик" радиосунун журналисттери видеодогу эки кишинин бирөөсү Шохрух Ахмедов экенин такташкан. Журналисттердин колундагы документтерге ылайык, ал 2019-жылдан бери Түркияда жашап, карызы барлардан мажбурлап акча өндүрүп келген.
Журналисттердин иликтөөсүндө, Ахмедовду түрк бийлиги буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун оппонентине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп айыптаганын аныкташкан. Бул иштин алкагында түрк маалымат каражаттары Ахмедов менен чогуу дагы жети чеченге айып тагылганын кабарлашкан.
Анда түрк басылмалары бардык айыпталуучулар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылганына карабай, күтүүсүздөн камактан бошотулганын жазып чыгышкан. Алардын айтымында, бул иш Кадыровдун жеке кийлигишүүсү менен бүткөн.
Бирок өзбек бийлиги Ахмедов Ташкентке кандайча барып калганы тууралуу маалымат бере элек.
Ал эми Кадыров 10-ноябрда бул окуяларга комментарий берип жатып, Алламжоновдун өмүрүнө кол салууга бир да чеченстандыктын тиешеси жок экенин билдирген.
"Озодлик" радиосунун Өзбекстандын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы, Шохрух Ахмедов Түркиядан депортацияланганын жана Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, Түштүк Кореядан кармалган Жавлон Юнусовдун айдоочусу болуп иштегенин билдирди.
Белгилей кетсек, 25-ноябрда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Алламжоновго кол салуу аракетине жети киши шек саналып жатканын билдирген.
Шектүүлөрдүн бири Казакстанда жашынып жүргөнү аныкталган. Ал эми Юнусов аттуу шектүү Түштүк Кореядан кармалып, Өзбекстанга экстрадицияланды.
Түркияда чет өлкөлүктөргө каршы маанай быйыл 30-июнда сириялык качкын жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөнү тууралуу жаңылык социалдык тармактарда тарагандан кийин башталган. Жүздөгөн киши көчөгө чыгып, качкындарга жана түрк бийлигине нааразылыгын билдирген.
Ал акцияларда 474 жергиликтүү тургун кармалганы, алардын жарымы буга чейин түрдүү кылмыш иштерине аралашканы кабарланган.
Түркиядагы оппозициячыл партия мүчөлөрү да бийлик миграция саясатын тыкыр көзөмөлгө алышы керектигин айтып келишет. Ал эми социалдык тармактарда өлкөдөгү чет өлкөлүктөргө каршы маанай кескин күчөгөнү талкууланууда.
Өлкөнүн Миграция башкармалыгынын маалыматы боюнча мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.
2005-жылы 57 428 мигрант мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалса, былтыр бул көрсөткүч 232 746га жеткен.
Түркиянын Миграция башкармалыгынын соңку статистикасына ылайык, быйыл 10 айда Түркиядан 200 минден ашык чет өлкөлүк депортацияланган, алардын 10 396сы өзбекстандыктар.