Бишкекте автобус жол кырсыгына кабылып, сегиз адам жаракат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы 26-ноябрда Барпы Алыкулов жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz автоунаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөнүн билдирди.

Жол кырсыгынан автобустун беш жүргүнчүсү, жеңил машинедеги үч адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Мэриянын алдын ала маалыматына ылайык, жол эрежесин Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу бузган.

Бишкекте ушул жылдын сегиз айында автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталган. Анын 109 учурунда автобустун айдоочулары күнөөлүү болгон. Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Ал эми Кыргызстанда 2024-жылдын 9 айында 5 049 жол кырсыгы катталып, андан 505 адам каза болду. Дагы 7 408 киши ар кандай жаракат алды. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37% көбөйгөнүн билдирдиАКШ Украинага Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин ырастадыСадыр Жапаровдун Германияга расмий сапары башталдыУлуттук банк валюта базарына 92 миллион 250 миң доллар саттыЭл баатыры Эрнст Акрамов дүйнө салдыЖалал-Абад: Облустук соттун эки судьясы кызмат абалын кыянат пайдаланган деп шектелүүдө25-ноябрь: Президент Жапаров Акылбек Жапаровго сөгүш берди, үч өзбек жараны раввиндин өлүмүнө шектелүүдө