АКШ Украинага Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин ырастады

Жон Кирби.

АКШ Украинага Орусиянын аймагына америкалык ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталары менен сокку урууга коюлган чектөөлөрдү алып салганын биринчи жолу расмий ырастады. Бул тууралуу АКШнын администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби дүйшөмбү күнү брифингде билдирди.

“Ушул тапта аларда (ред: украиндерде) өзүн коргоо үчүн ATACMS ракеталарын колдонууга мүмкүнчүлүк бар”, - деди.

17-ноябрда бир катар медиа каражаттары жеке булактарына таянып, АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын аймагына америкалык курал менен чабуул коюу чектөөсүн алганын жазып чыгышкан. Анын ичинде The New York Times, The Washington Post, AP, Рейтер жана башка басылмалар да ушундай эле маалыматты таратышкан.

“РБК-Украина” басылмасы 19-ноябрда Украина Орусияга каршы алгачкы жолу ATACMS ракетасын колдонгонун украин аскерлеринин арасындагы жеке булактарынын маалыматына таянып жазган.

Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги тастыктап, ATACMS баллистикалык ракеталарынан бешөө атып түшүрүлгөнүн, дагы бирөө талкаланганын кабарлаган.

Көп өтпөй Орусиянын президенти Владимир Путин 19-ноябрда өлкөнүн өзөктүк доктринасын жаңылоо жана кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда өзөктүк курал эгер “аскердик-космостук кол салуу каражаты жапырт старт алганы тууралуу так маалымат” болсо жана эгер ал Орусиянын чек арасынан өтө турган болсо, колдонулушу ыктымал экени белгиленген. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаровдун Германияга расмий сапары башталдыИИМ үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37% көбөйгөнүн билдирдиУлуттук банк валюта базарына 92 миллион 250 миң доллар саттыЭл баатыры Эрнст Акрамов дүйнө салдыБеларус: "Эркин Европа/Азаттыктын" кабарчысы камалганына үч жыл болду25-ноябрь: Президент Жапаров Акылбек Жапаровго сөгүш берди, үч өзбек жараны раввиндин өлүмүнө шектелүүдө