Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда расмий сапар менен Германияга барды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы президентти Берлин шаарынын эл аралык аэропортунан Германиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышканын билдирди.
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан тышкары, Германиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.
Германия Кыргызстандын тышкы экономикалык алакасында дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы ондукта, ал эми Европа өлкөлөрүнүн сап башында. Соңку эки жылда сооданын көлөмү кескин секирик жасап, төрт жарым эсеге көбөйгөн. Бул өлкөдө расмий маалымат боюнча 10 миң кыргызстандык жашап, иштейт.
Европадагы 27 өлкөнүн, анын ичинде Германиянын башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.
Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган. (BTo)
Дагы караңыз
ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37% көбөйгөнүн билдирдиУлуттук банк валюта базарына 92 миллион 250 миң доллар саттыБелгилүү хирург Эрнст Акрамов дүйнө салдыБеларус: "Эркин Европа/Азаттыктын" кабарчысы камалганына үч жыл болдуЖалал-Абад: Облустук соттун эки судьясы кызмат абалын кыянат пайдаланган деп шектелүүдө25-ноябрь: Президент Жапаров Акылбек Жапаровго сөгүш берди, үч өзбек жараны раввиндин өлүмүнө шектелүүдө