Грузия: Парламенттин алгачкы сессиясы, оппозициянын бойкоту

Парламенттин жанына нааразылыгын билдирип чогулган демонстранттар. Тбилиси, 25-ноябрь 2024-жыл

25-ноябрда грузин парламентинин жаңы чакырылышы биринчи сессияга чогулду. Президент жана оппозиция бир ай мурун болгон шайлоо башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.

Жыйын өтүп жаткан маалда нааразы болгон демонстранттар парламент имаратын жумуртка менен ургулады. Оппозициялык депутаттар сессияны бойкоттошту.

Парламент имаратынын жанына келген акция катышуучулары шайлоо кампаниясы жана добуш берүү учурунда бурмалоолорго жол берилгенине, өнөктүккө Орусия чоң таасир эткенине нааразылыгын билдиришти. Алар имараттын кире беришин тосмолоого аракеттенип, бирок полиция демонстранттарды сүрүп чыгарды.

“Грузиядагы кара дүйшөмбү: полиция “Грузин кыялынын" "кулдары" чогулуп, Конституциябызды талкалап, парламентти мазактап жаткан эшикти кайтарып турушат”, - деп жазды президент Саломе Зурабишвили Х социалдык тармагына.

Президент дүйшөмбүнүн кечинде жасаган видео кайрылуусунда “Грузин кыялы” партиясын Конституцияны урматтабаганы үчүн айыптады. Ал парламент иш жүзүндө жок болгонун айтты.

Зурабишвили ошондой эле жаштарды «келечекти колунан чыгарбоого даяр болууга” үндөдү.

Мамлекет башчы туруктуу нааразылык акцияларына даяр туруунун маанисин белгиледи.

Буга чейин тартип коргоочулар демонстранттарды кууп-таркатуу үчүн күч колдонуп келсе, бул ирет кагылышуулар тууралуу маалымдалган жок.

“Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчылары айрым демонстранттарды сөзгө тартты:

“Мен Грузиянын Европа биримдигинде болушун каалайм. Грузиянын келечеги үчүн күрөшүп жатам. Советтер Союзуна эч качан кайтууну каалабайм”.

“Орусия дүйнөнүн ар кайсы жеринде, өзгөчө Грузияда демократияга көлөкө түшүрүүгө аракеттенип жатат. Грузияда алар тамыр жайып жатат, себеби өкмөт алардын тарабында. Шайлоо бурмаланган, мен добушумду коргоо үчүн бул жерге келдим”.

“Бул шайлоону уурдап алышты, Грузия үчүн, Грузиянын эркиндиги үчүн күрөшүүдөн башка аргабыз жок”.

Орусия Грузиядагы шайлоого кийлигишкенин танууда.

Жаңы шайланган парламенттин жыйынын салт боюнча эң улгайган эл өкүлү ачты. “Азаттыктын” грузин кызматы жазганына караганда, жыйынга 88 депутат катышты. Залда “Грузин кыялы” партиясынын ардактуу төрагасы, орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвили да отурду.

Москвага ыктаган ишкер расмий кызматты ээлебегени менен өкмөттөгү таасири күчтүү деп айтылып жүрөт, ага премьер-министрди дайындоо укугу берилген. Маалыматтарга караганда, Иванишвили азыркы премьер-министр Ираклий Кобахидзенин талапкерлигин көргөзмөкчү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын санагына ылайык, сөз болгон партияга добуштардын 54% берилген. Ошону менен алар 150 орундуу парламентте 89 мандат алууга жетишти. Оппозицияга добуштардын 38% тийгенин жарыяланган.

Президент жана парламентке өтүү босогосунан ашкан оппозициялык төрт партия добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтууда. Оппозициялык депутаттар нааразылык иретинде ачылыш сессиясына катышкан жок.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы чакырылыштагы парламенттин биринчи жыйыны өткөрүлө турган датаны өнөктүктүн расмий жыйынтыгы тастыкталгандан кийинки 10 күндүн ичинде президент дайындайт. Бирок Зурабишвили сессияны дайындоодон баш тартып, конституциялык сотко доо арыз менен кайрылган. Мамлекет башчы шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганын, шайлоо укугу сакталбаганын айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

Парламенттин спикери Шалва Папуашвили президенттин кадамын жана алгачкы сессияга катышуудан баш тартканын Конституцияны бузуу деп атап, бул сессия өткөрүүгө жолтоо болбосун өткөн аптада билдирген.

Ыктымал бурмалоолорду иликтөөгө чакырган Батыш өлкөлөрү “Грузин кыялын” жеңиши менен куттуктаган жок. Алар Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун тиешелүү докладын күтөрүн айтышууда.

Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.

Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.

Өткөн аптада рузин башкалаасында жана бир нече шаарда нааразылык акциялары токтогон жок. Бул ирет оппозиция менен бирге кыймылдаткыч күч катары студенттер чыкты. Тбилисидеги мамлекеттик университет окуялардын чордонунда болуп келди.

Демонстранттар 17-ноябрдан тартып акцияларын "жаңы форматта" улантып жатканын жарыялаган. Ошол түнү алар мамлекеттик университеттин жанына чатырларды тиккен. Бирок эртеси күнү полиция акция катышуучуларын күч менен таркаткан.