Отурумда калган жети журналистти актаган райондук соттун чечими күчүндө калды.
"Темировду өлкөдөн чыгарган эки судьяга ишенбейбиз"
Шаардык сотто иши карала баштаган төрт журналисттин адвокаттары соттук коллегиянын эки судьясына ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат. Буга алар судья Адис Момуналиев менен Нурлан Кожомбердиевдин 2022-жылы Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алганын жүйө келтиришти.
Адвокаттар Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими мыйзамсыз болгонун айтып, андыктан соттук коллегиянын эки мүчөсү бул жолу да акыйкат чечим чыгара албай турганын белгилешет.
"2022-жылы бул ишке түздөн-түз тиешеси бар Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Ушундан улам "адилеттүү өкүм чыгышы күмөндүү" деген негизде өтүнүч келтирдик. Эгерде мындан ары ишти ушул судьялар карай бере турган болсо, анда адилеттүү чечим чыгат деп айта албайбыз", - деди адвокат Улан Сейталиев.
Бирок соттук коллегия жактоочулардын өтүнүчүн четке кагып, бул ишке Болот Темировдун байланышы аныкталбаганын айтышты. Отурумга катышып жаткан прокурор да ушундай эле жүйө келтирди.
Бишкектин Ленин райондук соту быйыл 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берген. Актилек Капаров менен Айке Бекшекеева үч жылдык пробациялык жаза алып, сот залынан бошотулган эле. Сот калган жети журналистти актаган.
Төртөө тең райондук соттун чечимине макул болбой, шаардык сот аны жокко чыгарышы керектигин айтып жатышат. Сотто Махабат Тажибек кызы мындай деди:
"Биз иликтөөчү журналисттербиз. Буга чейин эч бир саясатчы, ишкерлерден акча алып же байланышкан эмеспиз. Элдин болгон көйгөйлөрүн көтөрүп келебиз. Андыктан бизди жоготуу максатында ойдон чыгарылган, жасалма айыпты коюп жатышат деп ойлоймун. Биз эч качан бийликке умтулган да, массалык башаламандыкка чакырган да эмеспиз. Элди мыйзамдуулукка гана чакырып келгенбиз".
16-январда Ички иштер министрлиги Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүн тинтип, өздөрүн кармап кеткен. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков ошондон бери камакта отурат.
Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда “Кабар” агенттигине берген маегинде алар тууралуу мындай деген:
“Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат?”.
Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты төгүндөшкөн. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет.
"Абакта жөн эле отурдукпу?"
Ошол эле төрт журналистти күнөөлүү деп тапкан Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиевди жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду актаган чечим чыгарган. Бирок ал чечимди прокуратура жокко чыгартуу үчүн арызданганы же арызданбаганы белгилүү болбой жаткан.
25-ноябрда Бишкек шаардык сотунда акталган жети журналист боюнча Башкы прокуратура апелляциялык арыз бербегени, аларды актоо боюнча райондук соттун өкүмү күчүнө киргени белгилүү болду.
Алардын бири Сайпидин Султаналиев акталган журналисттер абакта бир нече ай отурганын, ушундан улам компенсация алуу маселесин ойлонуштуруп жатышканын айтты:
"Негизи эле 11 айдан бери ушунча журналисттин күнөөсү далилденген жок. Ленин райондук сотунун чечимине нааразыбыз. Анткени жалпы акталабыз деп ойлогонбуз. Жыйынтыгында Тажибек кызын алты, Ишенбековду беш жылга кесип, Капаров менен Бейшекеевага пробациялык жаза берип койгону өкүнүчтүү. Акталгандар боюнча айта турган болсок, алгач абакта, андан кийин үй камагында отурдук. Ошондо жөн эле отурган болуп калабызбы? Мунун бардыгы бизге карата болгон басым. Бул боюнча адвокаттар менен сүйлөшүп, тиешелүү кадамдарга барабыз".
Бир тобу акталып, калганы жаза алган 11 журналист тең мурда-кийин Temirov Live редакциясында иштеп кетишкен. Аталган редакция бир нече жылдан бери саясий, социалдык темалар, мамлекеттик мекемелердеги коррупция, кызыкчылыктар кагылышы боюнча иликтөө жасап келет.