Санарип өнүктүрүү министрлиги 1-декабрдан тарта "Электрондук эмгек китепче" модулун ишке киргизерин кабарлады. Бул электрондук кызмат көрсөтүүчү "е-Kyzmat" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.
Маалыматка ылайык, долбоор жарандардын эмгек ишмердигин эсепке алууну жөнөкөйлөтүү, кызматкерлердин эмгек жана кызматтык таржымалын оңой окуп көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга жана кагаз түрүндөгү эмгек китепчелерин колдонуу зарылдыгын жоюуга багытталган.
"Электрондук эмгек китепчесинин киргизилиши жарандар, жумуш берүүчүлөр жана мамлекеттик органдардын ортосундагы карым-катышты ачык-айкын жана ыңгайлуу кылып, маалымат алмашууну тездетип, бюрократиялык түйшүктү азайтат", - деп белгиленген маалыматта.
Маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо аларды жоготуп алуу же жасалмалоо коркунучун жокко чыгарат, кагаз түрүндөгү документтердин жүгүртүлүшүн азайтат.
1-декабрга чейин долбоор пилоттук сынактан өтөт. Андан кийин модулду улуттук деңгээлде жайылтуу пландалууда.
Электрондук эмгек китепчесин чыгаруу дымагы тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 2020-жылы кабарлаган. Мекеме виртуалдык паспорт, айдоочулук күбөлүгү, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана башка документтер менен катар эмгек китепчесин да чыгарарын билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
Ноокат: Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулуна издөө жарыяландыЖан дүйнөңдү жашырбаМинистрдин орун басары Раимкулова Кыргызстан АЭС курууга даяр эмес экенин айттыУкраинада Орусиянын соккусунан кеминде 23 киши жараат алдыБишкек кайрадан абасы кир шаарлардын сап башына чыкты