Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын сап башына чыкты


Бишкектеги ыш (архив)
Бишкектеги ыш (архив)

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 25-ноябрдагы индексинде Бишкек күндүз (саат 12:30) 185 көрсөткүч менен алдыңкы беш сапка кирди. Бишкектен мурдагы саптарда Дели, Дакка, Лахор жана Сараево шаарлары турат.

Бүгүнкү көрсөткүчтө Бишкектеги абасы кир аймактардын сап башында Рыскулов, Жибек жолу, Токтогул көчөлөрү жана Беш-Күңгөй айылы турат.

Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып келет.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан.


Буга чейин машинелерден бөлүнгөн азот оксиди Бишкек жылуулук электр борборунун түтүнүнөн эки эсеге көп экенин экологдор айтып чыккан жана автоунааларга техникалык кароо системасын киргизүүнү сунуштаган.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында.

Былтыр мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктар берилген. Ага ылайык, мэрия шаардагы автоунааларга тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.

Былтыр ноябрда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион долларды жеңилдетилген насыя катары бөлөрү белгилүү болгон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG