Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.
20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот.
Бул тасмага байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалып, 20-январга чейин камакка алынды. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда. Тергөө иштери уланып жатат.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
Сөз болуп жаткан видео Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкандан кийин чыккан.
Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
Министрдин орун басары Раимкулова Кыргызстан АЭС курууга даяр эмес экенин айттыУкраинада Орусиянын соккусунан кеминде 23 киши жараат алдыРумынияда президенттик шайлоонун биринчи турунда алдыга орусиячыл талапкер чыктыКыргызстан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 300 млн доллар насыя алатБишкек кайрадан абасы кир шаарлардын сап башына чыктыАйсулуу Тыныбекова 2028-жылы Олимпиадага бара турганын айттыЖогорку Кеңештин комитет жыйындарына министрлердин келбегени сынга кабылды