Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Румынияда президенттик шайлоонун биринчи турунда алдыга орусиячыл талапкер чыкты


Кэлин Жоржеску жана Марчел Чолаку. Коллаж сүрөт.
Кэлин Жоржеску жана Марчел Чолаку. Коллаж сүрөт.

Румынияда 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда орусиячыл талапкер, мурда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску алдыга чыкты.

Андан кийинки орунда азыркы премьер-министр, Социал-демократиялык партиянын (PSD) лидери Марчел Чолаку келе жатат.

Добуштардын 99% эсептелип чыккандан кийинки маалымат боюнча, Жоржеску добуштардын 22,94% алды, Чолакуга 19,16% тийди.

Эки талапкер эми шайлоонун 8-декабрда өтө турган экинчи туруна катышат.

Шайлоодо жалпысынан 13 талапкер ат салышты. Экинчи турда жеңип чыгыш үчүн добуштардын 50% ашыгын алуу зарыл.

Бир аптадан кийин Румынияда дагы бир ири саясий өнөктүк өтөт. 1-декабрда боло турган парламенттик шайлоону талдоочулар Чыгыш менен Батыштын тиреши катары мүнөздөп жатышат.

Жекшембидеги шайлоого добуш берүү укугуна ээ румындыктардын 52% (9,44 миллион киши) ашууну катышты, беш жыл мурдагы шайлоодо 51,18% болгон.

62 жаштагы Жоржеску АКШнын Украинага көрсөтүп жаткан жардамын сындаган. Өзүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүн ал негизинен TikTok платформасы аркылуу жүргүздү, ошол жактан популярдуу болду. Ал жергиликтүү фермерлерди колдоо, импорттон көз карандылыкты азайтуу, энергия жана азык-түлүктү өндүрүү көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын айтууда.

Сурамжылоолор Жоржеску ашып кетсе алтынчы орунду ээлей турганын көрсөткөн, ошондуктан анын алдыга чыгышын Румыниянын саясий айдыңындагы "шок", "күтүүсүздүк" жана "силкинүү" деп атап жатышат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG