Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкынан Мамлекеттик ипотекалык компания үчүн 300 млн доллар насыя алат.
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында насыянын шарттары тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө ылайык, кредит Евразия өнүктүрүү банкынан 2024-жылдан 2026-жылга чейин жыл сайын 100 млн доллардан үч бөлүккө бөлүнүп алынат.
“Насыяны төлөө мөөнөтү 20 жыл. Анын 10 жылы жеңилдетилген мезгил жана бир пайыздан эсептелет”, - деди ал.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет кредиттик макулдашууну колдоду.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Мамлекеттик ипотеканы наамында кыймылсыз мүлкү жок адамдар гана ала алат. Жалпы тогуз жылдык ишинде ишкана тогуз миңден ашык адамга ипотекалык насыя берген. Дагы 38 миңден көп киши кезекте турат.
Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл март айында Президенттин иш башкармалыгына өткөн. (BTo)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңештин комитет жыйындарына министрлердин келбегени сынга кабылды Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктадыАйсулуу Тыныбекова 2028-жылы Олимпиадага бара турганын айттыЖети журналистти актоо өкүмү күчүнө кирдиЖалал-Абад: Облустук соттун эки судьясы кызмат абалын кыянат пайдаланган деп шектелүүдөНоокатта милициянын алты кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыЖазуучу Олжобай Шакирдин жаңы китеби жарык көрдүБишкек шаардык сотунда төрт журналисттин иши карала баштадыУКМК Ташиевге коркутуу катын жазган шектүү камалганын билдирди