Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Жети журналистти актоо өкүмү күчүнө кирди


Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган жети журналист.
Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган жети журналист.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы кызматкери Сапарбек Акунбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиевди жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду актоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими күчүнө кирди.

Бул тууралуу 25-ноябрда Бишкек шаардык сотундагы соттук жараянда белгилүү болду. Судья Башкы прокуратура аларга чыккан өкүм боюнча апелляциялык арыз бербегенин айтты.

Шаардык сотто журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Актилек Капаровдун, Айке Бейшекееванын жана Азамат Ишенбековдун адвокаттарынын апелляциялык арызы карала баштады. Кийинки соттук жараян 9-декабрда болот.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG