Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Бишкек шаардык сотунда төрт журналисттин иши карала баштады


Бишкек шаардык сотунда төрт журналисттин иши карала баштады. 25-ноябрь, 2024-жыл.
Бишкек шаардык сотунда төрт журналисттин иши карала баштады. 25-ноябрь, 2024-жыл.

25-ноябрда Бишкек шаардык соту журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Актилек Капаровдун, Айке Бейшекееванын жана Азамат Ишенбековдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карай баштады.

Журналисттердин адвокаттары соттук коллегиянын мүчөлөрү Адис Момуналиев менен Нурлан Кожомбердиев иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алганын айтышып, аларга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук коллегия жактоочулардын өтүнүчүн четке кагып, кийинки соттук отурум 9-декабрга дайындалды. Анда эксперттер сурак берет.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган. 25-ноябрда Бишкек шаардык сотунда акталган жети журналист боюнча Башкы прокуратура апелляциялык арыз бербегени, аларды актоо боюнча райондук соттун өкүмү күчүнө киргени белгилүү болду.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек шаардык сотунун чечими менен 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG