Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирди. Бул тууралуу балбан кыз УТРК спорт – Кыргызстан каналындагы маегинде айтты.
“Спорттук карьерамда бир эле медал – Олимпиаданын алтыны гана жок. Калган байгенин баары бар. Ар бир спортчунун Олимпиададан жеңиш менен кайтуу кыялы бар. Чемпион болгондогу сезим башка. Аны эч нерсе менен салыштыра албайсың. Сен кайра-кайра ошол жеңишти сезиш үчүн кайра күрөшкүң келет”, – деди ал.
31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына төрт жолу катышкан. Токио Олимпиадасында күмүш утса, быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медал алган. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.
Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) аны кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.
Ал быйыл октябрь айында Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланган. (BTo)
Дагы караңыз
Жети журналистти актоо өкүмү күчүнө кирдиЖалал-Абад: Облустук соттун эки судьясы кызмат абалын кыянат пайдаланган деп шектелүүдөНоокатта милициянын алты кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыЖазуучу Олжобай Шакирдин жаңы китеби жарык көрдүБишкек шаардык сотунда төрт журналисттин иши карала баштадыУКМК Ташиевге коркутуу катын жазган шектүү камалганын билдирди