АКШ "Газпромбанкка" каршы санкция жарыялады

АКШ Орусиянын үчүнчү ири кредитору "Газпромбанкка" жана анын чет жактагы алты компаниясына каршы санкция жарыялады. Кошмо Штаттардын Каржы министрлигине караштуу Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын 21-ноябрдагы билдирүүсүндө Орусия аны Украинага каршы согушу үчүн курал-жарак сатып алууга, орусиялык аскерлерге маянасын которууга колдонуп жатканы айтылды.

Жалпысынан бул жолу санкциялык тизмеге орусиялык 50 банк, баалуу кагаздар менен иштеген 40 регистратор жана каржы маселелерине жооптуу 15 кызматкер кирди.

Орусиянын энергетикалык экспортунда маанилүү роль ойногон "Газпромбанк" АКШнын санкциясына илине элек жалгыз ири кредитор болчу. Вашингтон эгер мындай чектөө киргизсе энергия экспорту үзгүлтүккө учурайт деп кооптонуп келген.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер бул чечим АКШнын Орусиянын Украинага каршы согушу үчүн эл аралык каржы системасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектөө боюнча милдеттенмесин ырастай турганын белгиледи.

"Орусиянын кош максатта колдонулуучу товарлар жана аскердик материалдар үчүн чет өлкө аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү аракетин үзгүлтүккө учуратат", - деди ал.

Кошмо Штаттар каржылык уюмдарды Орусия SWIFT эл аралык банктык маалымат алмашуу системасына окшоштуруп өз алдынча түзүп алган СПФС системасы менен кызматташуудан оолак болууга да чакырды. Анткени орус бийлиги бул системасы аркылуу эл аралык банктар менен АКШнын санкцияларын кыйгап өтүп кызматташууга аракет кылууда.

Батыш Орусияга каршы санкцияларын Москванын Украинадагы толук масштабдуу согушу үчүн киргизүүдө. Орус бийлигинин согушка жумшап жаткан рекорддук чыгымы инфляциянын жана пайыздык чендердин жогорулашын шарттоодо. Өткөн айда Орусиянын Борбордук банкы проценттик ченди 21 процентке чейин жогорулатты. (RK)

Дагы караңыз

Зеленский НАТОнун баш катчысы менен согушка аралашкан Түндүк Корея аскерлерин талкууладыОрусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолду17 жаштагы Дарьянын өлүмү боюнча ишти прокуратура көзөмөлүнө алдыПутин Украинага "Орешник" ракетасы менен сокку урулганын айтты