Курулуш агенттиги Asia Mall соода борборуна эскертүү берди

Asia Mall соода борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектеги Asia Mall соода борборуна унаа токтотуучу жайга мыйзамсыз соода түйүндөрүн курууга тыюу салып, унаа токтотмону тазалоону буйруду. Аталган агенттиктин башчысы Нурдан Орунтаев "Кактус" басылмасына билдиргендей, соода борборуна унаа токтотуучу жайды курулуштардан тазалоого беш күн убакыт берилген.

"Биздин агенттиктин атынан соода борборуна беш күн ичинде унаа токтотуучу жайды түрдүү курулуштардан тазалап, мурдагы - унаа токтотуучу жай катары калыбына келтирүү тууралуу эскертүү берилди. Минтип өзгөртүү мыйзамсыз", - деген Орунтаев.

Социалдык тармактарда Бишкектеги Asia Mall соода борборунун жер төлөсүндөгү автоунаа токтотуучу жайга соода борборлору курулуп жатканына нааразылыктар айтылган.

Бишкектеги Asia Mall соода борборунун ээси - мурдагы премьер-министр, экс-депутат Өмүрбек Бабанов. Ал 2016-жылы Asia Mall соода борборунун курулушун аяктоо үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 млн доллар насыя алганын билдирген.


Жогорку Кеңештин депутаттары, айрым ишкерлер бул үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун "фонддун уставына каршы келген чечим кабыл алган, каражат экономиканын приоритеттүү секторлоруна гана берилиши керек болчу" деп сындашкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Ошто коюу туманга байланыштуу аба каттамдары кармалуудаЖо Байден Украинанын карызынын бир бөлүгүн кечүүнү көздөөдө "Парламентёрдун" сырдуу каты. Ташиевге ким коркунуч жаратууда?Ташиевге сырдуу катты ким жазды?