Сербияда темир жол станциясынын чатырынын бир бөлүгү ураган кырсыкка байланыштуу жалпысынан 11 киши камакка алынганын 21-ноябрда прокуратура мекемеси билдирди.
Кармалгандар арасында мурдагы курулуш, транспорт жана инфраструктура министри Горан Весич жана темир жол тармагынын ишине жооптуу мурдагы жетекчи Елена Танаскович бар.
Аларга коомдук коопсуздукка коркунуч жаратуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү тууралуу айыптар тагылды. Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, ар бири 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок Горан Весич камакка алынбаганын, укук тартибин коргоо органдарынын сурагына гана катышканын айтып, өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирди.
Кырсык быйыл 1-ноябрда борбор калаа Белграддан 70 чакырым аралыкта жайгашкан Нови-Сад шаарында болгон.
Станциянын кире беришиндеги бетондон жасалган чатыр тосмо урап, кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылган, дагы эки киши оор жараат алган. 1964-жылы курулган станцияда андан мурдараак оңдоп-түзөө иштери жүргөн. Бул ишти кытайлык China Railway International жана China Communications Construction, франциялык Egis жана венгриялык Utiber компаниялары биргелешип аткарышкан.
Курулуш тармагындагы коррупция болбосо мындай кырсык жаралмак эместигин айткан жарандар бир нече жолу нааразылык акциясын уюштуруп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Айрым жерлерде акция зомбулук менен коштолгон. (RK)
Дагы караңыз
Украина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылганын билдирдиБеларуста дагы 32 саясий туткунга ырайым берилдиРумыния менен Болгариянын Шенген аймагына кошулуу жараяны боюнча маалымат берилдиЖеке курулуш компанияларынан 1180 батир мамлекетке алынган