Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Украина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылганын билдирди


Орусия. МиГ-31К учагы "Кинжал" раектасы менен.
Орусия. МиГ-31К учагы "Кинжал" раектасы менен.

Орусия бүгүн, 21-ноябрда Украинанын аймагына жапырт ракеталык чабуул койгонун украин Куралдуу күчтөрү жана аймактык жетекчилер кабарлоодо. Кеминде эки облус бутага алынганы, ракета коркунучу тууралуу эскертүү бир нече саат бою угулуп турганы маалымдалды.

Москва континент аралык баллистикалык ракеталар менен Украина Британиядан алган Storm Shadow ракеталары жана АКШнын ATACMS системалары менен Орусиянын аймагындагы аскердик жайларды бутага алганы тууралуу маалымат чыгып жаткан чакта сокку урду.

21-ноябрда орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы маанилүү өнөр жай аймагы Днепропетровск облусуна, анын борбор калаасы Днепрге чабуул койду. Баллистикалык ракетадан тышкары Х-47М2 "Кинжал" ракетасын, ошондой эле Х-101 канаттуу ракеталарынан жетини учурду.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Х-101 ракеталарынан алтоону атып түшүрүшкөнү маалым болду.

Облус башчысы Сергей Лысак Орусиянын эң оор соккусу бүгүн ушул облуска туш келгенин, бир нече өнөр жай объектиси талкаланып, эки жерде өрт чыкканын айтты.

Ал эми Полтава облусунда Кременчуг шаарында жарылуу болгону кабарланды.

Орусия Украинанын аймагын учкучсуз учактар менен дээрлик күн сайын бутага алып келди. 21-ноябрда алгачкы жолу куралдын мындай түрү колдонулбаганы маалымдалды.

2022-жылы согуш ачкан Москва эгер Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн алган алыскы аралыкка атуучу куралын Орусияга каршы колдоно турган болсо, кырдаал курчушу ыктымал экенин эскерткен.

Киев орус бийлигин Украинага каршы агрессиясын мажбурлап гана токтотсо болорун айтууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG