"Парламентёрдун" сырдуу каты. Ташиевге ким коркунуч жаратууда?

Камчыбек Ташиев

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө кол салуу үчүн атайын жалданган баш кесерден алды делген каты коомчулукта талкууга түштү. Атайын кызматтан төрагасы соңку окуяны өз ишмердиги менен байланыштырууда. Бул окуяны атайын тергөө тобу иликтей баштады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө кол салуу үчүн атайын жалданган баш кесерден алды делген каты коомчулукта талкууга түштү.

Атайын кызматтан төрагасы соңку окуяны өз ишмердиги менен байланыштырууда.

Бул окуяны укук коргоо органдарынын түзүлгөн тергөө тобу иликтей баштады. Бирок УКМК төрагасына жазылды делген каттын айланасында бир катар күмөн суроолор да жаралды.

"Парламентёрдун" жазган каты, Ташиевдин жообу

УКМКнын төрагасы Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштуруп, "жалданма баш кесер" делген адамдан купуя кат алганын шардана кылды. Атайын кызматтын башчысынын маалымат жыйынына айрым жергиликтүү медианын гана журналисттери чакырылган.

Ташиевдин айтымында, сырдуу кат ага УКМКнын документ жүргүзүү бөлүмү аркылуу келген. Ал катты алгач президент Садыр Жапаровго көрсөтүп, анын кеңеши менен коомчулукка ачыктап жатканын билдирди.

"Эгер эртеңки күнү мага же үй-бүлөмө бир нерсе болсо коомчулук бул алдын ала эскертилгенин билиши керек. Мен коопсуздук кызматым аркылуу иликтөө жүргүздүм. Президент да бул иликтениши керектигин айтты. Каттын ээси мага шарттарды коюп, аны аткарсам, үй-бүлөм аман каларын жазыптыр", - деди Ташиев.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Ташиевге жазылды делген каттын мазмуну да жарыяланды. Орус тилинде, көп ката менен жазылган катта өзүн “Парламентёр” деп атаган бирөө Кыргызстанга келгенден кийин жогорку кызмат адамдары боюнча маалымат топтогонун, жада калса өлкөнүн түштүгүнө чейин барып келгенин баяндаган.

Ал Ташиевди жана анын досторун кызматтан кетирүү операциясына аябай чоң суммадагы акча салынганын, иштин артында алты таасирдүү адам турарын жазат. Сырдуу каттын ээси Ташиевге жазган каттын орто ченинде өлкөдөгү өнүгүүнү көргөндөн кийин пикири өзгөргөнүн айткан:

“Сиз бийликке келгенден тарта мамлекетте бардыгы жакшы жакка өзгөрө баштады. Сизге жана сиздин жакындарыңыз боюнча маалымат топтоп жүргөндө жөнөкөй жарандардан шаардын инфраструктурасы, элди социалдык жактан камсыздоо, өндүрүштөгү өсүү жөнүндө билдим. Мен гүлдөп жаткан өлкөнүн бүлдүргүчү болгум келбейт”.

Ошол эле учурда сырдуу каттын автору УКМКнын төрагасына кеңеш да берип, Кыргызстандагы курулуш компанияларды мамлекетке алууну, анын эсебинен өлкөгө пайда алып келүүнү сунуштаган.

Камчыбек Ташиевге жазылды делген каттан үзүндү.

Ташиев бул каттын чоо-жайын андагы айтылгандар боюнча Башкы прокуратура, ИИМ, УКМКнын кызматкерлеринин турган тергөө тобу иликтээрин билдирди. Ал "катта" айтылгандар өз ишмердигине байланыштуу болушу мүмкүн экенин четке каккан жок.

Ташиев буга кошумча президентке да эки ирет кол салуу даярдалып, коопсуздук кызматы алдын алып, токтотуп калганын айтты.

20-ноябрда эртең менен УКМКнын басма сөз кызматы төрага Ташиевге кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан шектүү кармалганын кабарлаган. Атайын кызмат ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеев экенин билдирген.

Буга кошумча катта мурдагы депутат Чыныбай Турсунбековдун жубайынын аты аталганын окууга болот. Бул окуя коомчулукка ачыкталары менен маркум Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова үн катып, Фейсбуктагы баракчасына видео кайрылуу жарыялады.

"Силер биздин үй-бүлөбүзгө жакшылык каалаган, жардам бергиси келген киши ушинтип чыгарат дегенге ишенесиңерби? Мен бул адамдардын артында кимдер турарын, кандай максатта, эмнеге ушундай жасап жатканын да билбейм. Чыныбай экөөбүздүн үч балабыз бар. Биз саясатта жокпуз, саясатка кызыкпайбыз", - деген Тентимишова.

Каттын катар-катар суроо жараткан мазмуну

Бирок каттын мазмуну, андагы карама-каршы маалыматтар коомчулукта ар кыл суроолорго жол ачты. Атайын кызматтан башчысынын иш столуна чейин жеткен кат кимдин кызыкчылыгындагы иш деген суроо талкууланууда.

Жарандык активист Перизат Саитбурхан соңку учурда көпчүлүк толук түшүнө бербеген окуялар болуп жатканын, ушундан улам ар кандай сөздөр айтылып жатканын айтат:

Перизат Сайитбурхан

“Ошол Ташиевдин иш бөлмөсүнө чейин жеткен катты ким жазды? Ал жакта кайсыл акча жөнүндө сөз болуп жатат? Бул чоң териштирүүнү талап кыла турган маселе. Бул жерде ар кандай ой-пикирлер айтылып жатат да. Анткени акыркы күндөрү көп окуя болуп кетти. Ошол эле Дубайдагы саясий активистти кармоо аракети, эми каттар, кол салуу аракети. Демек, кандайдыр бир чоң саясий окуялар болуп жатат. Бирок коомго маалымат толук, ачык берилбей жатат. Ушундан улам коомдо ар кыл пикирлерди, талкууларды пайда кылып жатканы таң калыштуу эмес".

Ал эми мурдагы коопсуздук министри, саясатчы Феликс Кулов бул окуя көптөгөн суроолорду жаратса да иликтенип, тиешелүү баа берилиши керектигин соцтармакка жазды:

Феликс Кулов

“Буга бир эле жооп болушу мүмкүн. Бул автордун өзүн эч ким аныктай албашы үчүн ойлоп чыккан жомогу. Ал эми каттын соңунда адаштыруу үчүн атайын УКМКга бир аялдын мүлкүн кайтарып берүү талабын койгон. Баса, ал маркум Чыныбай Турсунбековдун аялы болуп чыкты жана ал бул боюнча эч нерсе түшүнүксүз болуп жатканын Ташиевге кабарлады. Жалпылап айтканда, кызыктай болгон бул кат боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен жооп алабыз. Бирок ага чейин бир нерсе түшүнүктүү болуп турат. Бул каттын максаты мамлекеттин биринчи адамдарынын айланасына коркуу, ишенбөөчүлүк жана дүрбөлөң салуу. Кийин кенен чөйрөдө, анонимдүү автор анын миссиясына катыштыгы бар экенин кыйыткан башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарына карата шек саноону күчөтүү”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ташиевге сырдуу катты ким жазды?

Быйыл 23-мартта УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталып, аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Анын алдында атайын кызмат трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармаган.

Атайын кызмат алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин белгилеп, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган. Бирок Райымбек Матраимов 14-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду.