Камчыбек Ташиев "пара алган элчи" камаларын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып "пара алган элчи" камакка алынарын билдирди.

Бул тууралуу Ташиев айрым медиа каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында айтты. "Бир чоң саясатчы, кечээ эле бир чоң мамлекетте элчи болгон адам менин атымды сатып, 250 миң доллар пара алып койгон экен. Мен бүгүн эртең менен аны камоого тапшырма бердим. Анын үстүнөн арыз, акчаны кантип алганын көрсөткөн материалдар, сүрөттөр келип түштү. Андыктан аны камакка алабыз. Ал бир кезде менин партиямда, мени менен жүрчү. Мен эч кимди аябайм. Ким болбосун".

Атайын кызматтын төрагасы сөз болгон элчинин аты-жөнүн жана кайсы өлкөдө дипломатиялык кызматты качан аркалаганын ачык айткан жок.

Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Дагы караңыз

Өзбек өкмөтү отставкага кетти"Бишкектин төрт району качан өзгөрөт?". Жер-суу аталыштарын кыргызчалоо демилгеси колдоо таптыАбактагы Султанбеков добуш сатып алуу боюнча Орунбековдун сөздөрүн четке кактыHRW Германия депортация кылган тажик активисти мекенинде камакка алынганын билдирди