Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:44

Өзбек өкмөтү отставкага кетти


Абдулла Арипов.
Абдулла Арипов.

Өзбекстандын Министрлер кабинети парламенттин жаңы шайланган курамынын алдындагы ыйгарым укуктарын токтотконун, ошондуктан кызматын тапшырып жатканан жарыялады. Бул тууралуу токтомго 19-ноябрда премьер-министр Абдулла Арипов кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, өкмөттүн ишинин ырааттуулугун камсыздоо, үзгүлтүккө учуратпоо максатында Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекигенче азыркы өкмөт иштеп турарын премьер-министрдин басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов билдирди.

Өзбек парламенти Олий Мажлиске шайлоо 27-октябрда өтүп, эки палатасы тең жаңыланган.

Президент жаңы парламент ишке киришкенден кийинки бир ай аралыгында шайлоодо жеңген бардык саясий партиялардын фракциялары менен кеңешип, премьер-министрлик кызматка талапкерди Мыйзам чыгаруу палатасына сунуш кылат. Эгер депутаттардын жарымынан көбү колдосо, ал жактырылды деп эсептелет. Өкмөт башчы аныкталгандан кийин Министрлер кабинетинин жаңы курамы карала баштайт.

Өзбек өкмөтүн 2016-жылдын декабрынан бери жетектеп келе жаткан Абдулла Арипов 2020-жылдын 20-январында Олий Мажлистин кошмо жыйынында бул кызматка кайрадан бекитилген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG