Украина ATACMS менен атты, Путин ядролук ракета менен жооп береби?

ATACMS ракетасы. Иллюстрация

Орусия шейшембиге караган түнү украин куралдуу күчтөрү Брянск облусуна алты ATACMS ракетасы менен сокку урганын билдирди. Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасын бутага алганын маалымдап, бирок кандай курал колдонулганын атаган эмес. 

19-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин ядролук сокку уруунун шарттарын кеңейткен жаңы доктринага кол койду.

Киевдин аскердик администрациясы шаршембиде эртең менен шаарга сокку урулганын кабарлады. Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымдала элек.

Анын алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти Киевдеги элчилик шаршембиде аба соккусу урулушу ыктымал деген эскертүү алганын, бул күнү дипломатиялык өкүлчүлүк жабык болорун билдирген:

“Элчилик жабык болот жана АКШ жарандарына аба соккусу тууралуу эскертүү түшкөндө дароо коопсуз жерде башкалкалоого даяр болуу керек деп кеңеш берет”.

Шейшембиде Украина Орусиянын аймагына америкалык ATACMS ракеталары менне сокку урганы тууралуу кабар тараган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Брянск облусуна чабуул койгон алты ракетанын бешөө атып түшүрүлгөнүн, бирөө керектен чыкканын билдирген. Мекеме ошол ракетанын сыныктары аскердик жайга кулаганын, тутанган өрт тез өчүрүлгөнүн маалымдап, эч ким жабыркабаганын кошумчалаган.

Бирок ага чейин РБК-Украина кабар агенттиги украин армиясындагы булагына таянып, Киев биринчи жолу ATACMS системасын колдонгонун, Карачев шаарындагы аскердик бута "ийгиликтүү жок кылынганын" жазган.

Кийинчерээк орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Брянск америкалык ATACMS ракеталары менен аткыланганын билдирди:

"Брянск облусунда түн ичинде ATACMS бир нече жолу колдонулганы алар жаңжалдын эскалациясын каалап турганынан кабар берет. Америкалыктарсыз андай жогорку технологиялык куралды пайдалануу мүмкүн эмес. Путин ал тууралуу бир нече ирет айткан".

Украин бийлиги бул маалыматты расмий түрдө бышыктаган жок. Бирок президент Владимир Зеленскийге суроо берилгенде: “Украина узак аралыкка сокку урууга кудуреттүү, өзүбүздө өндүрүлгөн тиешелүү дрондор бар, эми ATACMS дагы бар ”, - деп жооп берди.

AFP агенттиги Киев бийлигиндеги жогорку расмий өкүлгө шилтеме берип, сокку “ATACMS ракеталары менен урулганын” маалымдады.

Бул операция Орусиянын Украинга басып киргенине 1000 күн болгондо ишке ашырылып отурат. Зеленский парламентке жасаган кайрылуусунда согуш чечүүчү баскычына жеткенин белгиледи:

"Эмки жылы Украина алыс аралыкка учуучу кеминде 30 миң пилотсуз учак чыгарат. Мен мамлекеттик жана жеке компанияларга ыраазычылык билдиргим келет, рахмат! Кеминде 3 миң канаттуу ракета жана ракета дрондорун чыгарууну көздөйбүз. Эмки жылы быйылкыдай эле биз дрондордун бардык түрлөрүн чыгаруу жана майданга жеткирүү боюнча максаттарды толугу менен аткарабыз".

Байкоочулардын пикиринде, таамай жана узак аралыкка сокку урууга дарамети жетерин далилдеп, Киев согуштун нугун өзгөртүүгө, орус аймагы тикелей чабуулдарга туш болушу мүмкүн экенин көргөзүүгө аракеттенүүдө.

Өткөн жекшембиде АКШнын президенти Жо Байден Киевге Орусиянын ичкери аймагына америкалык курал менен сокку урууга уруксат бергени тууралуу кабарланган. Бирок Ак үй маалыматты расмий бышыктай элек.

Украин бийлиги ага чейин Орусияга дрондор менен сокку уруп келген. Бирок ATACMS ракеталары алда канча кубаттуу жана ылдам учат. Андыктан аларды атып түшүрүү да кыйын.

Ошол эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн ядролук доктринасынын жаңыланган вариантына кол койду. Документке мурда айтылбаган беренелер менен түшүнүктөр киргизилди. Эң негизгиси, Москва суверенитетине же аймактык бүтүндүгүнө олуттуу коркунуч жараланганда, ядролук куралды колдонууга укуктуу деген өзгөртүү киргизди. Мурдагы формулировкасында “мамлекетти жок кылуу коркунучу” тууралуу сөз болчу.

Дагы бир маанилүү түзөтүүдө айтылгандай, кайсы бир өлкө ядролук державанын колдоосу менен Орусияга каршы кадимки ракеталарды колдонсо, Москва муну “алардын биргелешкен кол салуусу” катары баалайт жана атомдук курал колдонуу ыктымалдыгын караштырат.

Башкача айтканда, ракеталар, дрондор жана башка учактар менен урулган соккуларга ядролук жооп кайтарылышы мүмкүн.

Ал тапта орус армиясы кошуна өлкөгө жер-жерлерине чабуулдарын улантты. Далилдер бар экенине карабай, Москва карапайым элди жана жарандык жайларды бутага алганын танууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Путин ядролук куралы менен кайрадан коркутту