АКШнын Украинадагы элчилиги авиа соккуга кабылышы ыктымалдыгы тууралуу "конкреттүү маалымат" алгандыгына байланыштуу 20-ноябрь күнү убактылуу жабык болот.
Элчилик Киевдеги кызматкерлерине жана бул шаардагы жалпы америкалык жарандарга кайрылып, эгер абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилсе дароо коопсуз жерге баруу керектигин эскертти.
Билдирүүдө "Коопсуздук маселесинен улам элчилик жабык болот, элчиликтин кызматкерлерине каерде болсо, ошол жерде болуу тапшырмасы берилет", — деп гана айтылды, андан башка эч кандай маалымат берилген жок.
20-ноябрда эртең менен Украинанын бир нече аймагында, анын ичинде борбор калаа Киевде орусиялык учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу эскертүү берилди. Shahed дрондору улам бир толкун менен учурулуп жатканы, бутага Житомир, Чернигов, Полтава, Черкасск, Харьков жана Сумы облустары да алынганы кабарланууда. (RK)
Дагы караңыз
Ташкент Өзбекстанга тил тийгизгендерди өлкөгө киргизбейт Ооган жана тажик активисттери эл аралык укук сыйлыктарына татыдыКыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди Нааразылыгын ич кийимчен билдирип чыккан ирандык кыз боюнча маалымат берилди