Босния жана Герцеговина: Молдовага каршы иштеген орус жараны кармалды

Босанска-Крупа шаарындагы полиция бекети.

Босния жана Герцеговинада Орусиянын жараны молдовалык жарандарды өз өлкөсүндө башаламандык уюштурууга үйрөткөн деген шек менен кармалды. "Азаттыктын" балкан кызматы 19-ноябрда Босния жана Герцеговинанын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазгандай, кармалган шектүү Орусияга жөнөтүлөт.

Орусиялык Александр Безрукавый 16-ноябрда Босанска-Крупа шаарында камакка алынганын жергиликтүү полиция маалымдады. Ал Серб Республикасынын Баня-Лука шаарынан анча алыс эмес жердеги машыгуу лагери менен кызматташканы айтылууда. Босния жана Герцеговинада, Серб Республикасында Орусиянын "Вагнер" жалданма аскерлер тобу менен байланышы бар лагерлер иштеп жатканын, ал жерде инструкторлор жаштарды Молдовада президенттик шайлоо алдында жана добуш берүү күнү башаламандык уюштурууга үйрөткөнүн өткөн айда бир нече жалпыга маалымдоо каражаты жазган.

3-ноябрда Молдовада президенттик шайлоо өтүп, анда азыркы мамлекет башчы, өлкөнүн европачыл багытын колдогон Майя Санду орусиячыл атаандашын жеңип, алдыга чыккан. Анын алдында Молдовада өлкөнүн Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдум өткөн. Жыйынтыгында "Ооба" дегендер 50,38% жетип, көпчүлүктү түзгөн. "Каршы" деген добушун бергендер менен ортодогу айырмачылык өтө аз болуп чыккан.

Санду добуш берүү күнү да, ага чейин да Молдова Орусия артында турган күчтөрдүн өтө чоң басымына, кийлигишүүсүнө кабылганын айткан, мындай болорунан кооптонуусун ал буга чейин да билдирген.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Бул 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган мамлекет. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы (Republika Srpska) түзүлгөн. (RK)

Дагы караңыз

"Жаңы Кыргызстан" партиясынын башына "бак" кантип конду? Бучадагы кыргындын үрөй учурган чындыгыПутин Орусиянын жаңыланган өзөктүк доктринасын бекитти Сатыбалдиев уран, торий казуу менен 80ден ашык кенди иштетүүгө болорун айтты