Грузиянын курамындагы Москва колдогон жикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжания кызматтан кетүү тууралуу арыз бергенин, өкмөт башчы Александр Анкваб да отставкага кеткенин 19-ноябрда "Эхо Кавказа" маалымдады.
Оппозиция өкүлдөрү менен өткөн бир нече сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийинки билдирүүсүндө Бжания отставкага өлкөдөгү туруктуулукту жана конституциялык тартипти сактоо максатында кетип жатканын айтты. Бирок ал митингчилер ээлеп алган өкмөттүк имараттарды бошотушу керек деген шарт койду, эгер бул шарты аткарылбаса, арызын кайра чакыртып аларын билдирди.
Сүйлөшүүлөр 19-ноябрда да уланууда.
Азыркы өкмөт жаңы бийлик келгенче ишин уланта берерин билдирди. Бжания келерки жылы жазында өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бирок соңку окуялардан улам шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн.
Бжания 18-ноябрда Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жана депутаттар менен жолугушуу өткөргөнүн, кырдаалды жөнгөрүү жолдорун талкуулаганын анын басма сөз кызматы маалымдаган. Ал бардык жолугушууларды борбор калаа Сухумиден 40 чакырым аралыкта жайгашкан Тамиш айылында өткөрүп жатканы айтылган. Эки күн мурда Бжания кырдаал курчуганда Сухумиден чыгып кеткен.
Оппозициянын акциялары 12-ноябрда, бир нече өкүлү кармалганда башталган. 15-ноябрда алар жергиликтүү парламент алдына чогулуп, өкмөттүк бир нече имаратты курчоого алышкан, анда жүздөгөн кишилер топтолгон.
Орусияга артыкчылык бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылган митингчилер парламенттин тосмосунун бир бөлүгүн машина менен сүрдүрүп, короосуна кирип барышкан. Полиция менен тиреш учурунда демонстранттарга каршы кулак тундуруучу каражаттар колдонулган. Айрымдар парламенттин жанында ок атылганын укканын кабарлашкан, кимдир бирөө жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.
Москва менен инвестициялык долбоор боюнча мыйзам кабыл алына турган сессия үзгүлтүккө учураган. Абхазия бийлиги келишим республиканын экономикасына жакшы салым болорун айтууда. Оппозиция "республиканын кызыкчылыгы сатылып жатат" деп каршылыгын билдирүүдө.
Абхазия жана Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын дүйнөлүк коомчулук тааныбайт. Өз алдынча өлкө катары Абхазия менен Түндүк Осетияны алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган. (RK)
Дагы караңыз
Ноокаттын милициясы курулушка иштеткен жетекчиге нааразы"Абактан согушка кеттим деген". Дайынсыз жоголгон ШералиНоокат: Милиция кызматкерлеринин жетекчисине каршы арызы боюнча ИИМде комиссия түзүлдү Шайлоо бүттү, жергиликтүү кеңештер эмнени чечет?Вице-спикер Сыдыгалиев Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүүнү сунуштады