Бишкектин Арча-Бешик конушунда бычакталып каза болгон 27 жаштагы келиндин окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмү – “Мыкаачылык менен адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголуп, күйөөсү камакка алынды.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы шектүүнүн бөгөт чарасын Бишкектин Ленин райондук соту карап, ушундай чечим кабыл алганын маалымдады.
Окуя 15-ноябрдын таңында болгон. 27 жаштагы бычак жеген келин “Тез жардам” ооруканасына жеткирилип өзүнө келбей каза тапкан. Ооруканага бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү - 34 жаштагы адам да жеткирилген.
Милиция жубайлар кызганычтан улам уруша кетишкенин кабарлаган. Иликтөө иштери уланууда.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, ушул жылдын сегиз айында 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул былтыркы сегиз айдын көрсөткүчүнөн 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган). (BTo)
Дагы караңыз
Добуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголдуЭкология министринин орун басары Кумтөр дагы 25-30 жыл иштерин айттыЖергиликтүү кеңеш: Ак-Сууда бир шайлоо тилкесинде добуш берүү башталдыСумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алды