Экология министринин орун басары Кумтөр дагы 25-30 жыл иштерин айтты

Кумтөр алтын кени.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Нарынбек Сатыбалдиев 18-ноябрда “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинде өткөн брифингде Кумтөр кени дагы 25-30 жыл иштей турганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасы кенди жердин алдынан казууга даярдык көрүп жатат. Уулуу калдыктар сакталган жайды иштетүү боюнча да долбоор бар.

Октябрь айында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кумтөрдөн казылган тоотекте алтындын үлүшү төмөн болгондуктан кенден алтын өндүрүү быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болорун кабарлаган. 2024-жылдын тогуз айында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылды.

“Кумтөр Голд Компани” 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. (BTo)

Дагы караңыз

Берлинде орус оппозициясынын согушка каршы жүрүшү өтүп жататЖергиликтүү кеңеш: Ак-Сууда бир шайлоо тилкесинде добуш берүү башталдыСумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алдыМедиа: АКШ Украинага өз куралы менен Орусияга сокку урууга уруксат берди