Израил Бейрутта "Хезболлага" каршы сокку уруп жатат

Бейрут шаары. 2024-жылдын 15-ноябры.

Сириянын борбору Дамаск шаарында Израилдин 14-ноябрдагы чабуулунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды. Ливанда да чабуул уланды. Израил буга чейин "Хезболлага" Сириядан курал-жарак ташуунун бардык жолдорун жабарын эскерткен.

Жума күнү Израилдин соккусу Бейруттун кыйма-чийме жолдун биринин жанындагы имаратка тийип, шаардын бул бөлүгүн урандыга толтурду. 15-ноябрдагы Израилдин соккусунан Бейруттун чет жакасында жайгашкан Таюне конушундагы имараттар жабыркаганы белгилүү болду. Анын алдында эл жыш жашаган, көп кабаттуу үйлөрү бар бул райондогу элге эвакуация тууралуу эскертүү берилген.

"Биз үйдө отурганбыз. Буга чейин борбордук парктын аймагына сокку болот деп, эвакуациялоого эскертүү болгон. Биз сыртка чыкканда имараттар жер менен жексен болгонун көрдүк. Азыр абал силер көрүп тургандай. Бир гана кудай билет эмне болорун", - деди күбөлөрдүн бири.

Жума кункү соккудан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил Бейрутта "Хезболлага" каршы сокку уруп жатат

Израил армиясы Ливандын борбор калаасы Бейруттун "Хезболла" көзөмөлдөгөн райондорун бир нече күндөн бери бомбалап жатат. Бомбалоо үч күн катары менен бир убакта уланды. Reuters 14-ноябрда кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганын, үйлөр жана башка имараттар талкаланганын маалымдаган. Ушуну менен Ливанда Израилдин соңку бир жылдан берки чабуулдарынан кеминде 3365 адам каза таап, 14 344 киши жараат алды.

Агенттик Ливандын жогорку бийлигинин өкүлү "Хезболла" радикал уюму ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирген күнү өз күчтөрүн Ливан менен Израилдин чек арасынан алып кетүүгө даяр экенин жазды. Ошол эле Reuters учурда ливан тарап Израилдин "Хезболлага" каршы аракетине жолтоо болбоо талабын четке кагып жатканын жазды.

Бейшембиде Ливандагы "Хезболланын" эң айыгышкан саясий оппоненти " "Хезболланы" жана Ливанды келишимдерди жана эл аралык резолюцияларды тез арада ишке ашырууга чакырды.

Самир Гигеа

"Хезболла" үчүн эң жакшы жана кыска чечим Ливан мамлекети менен байланышып, Таиф келишимин жана 1559, 1680, 1701-жылдагы эл аралык резолюцияларды ишке ашыруу. Бул согушту токтотуунун эң кыска жолу. Ливан жана Ливан эли үчүн эң пайдалуу арзан жол ушул".

Ал тапта Сириянын борбору Дамаск шаарында Израилдин 14-ноябрдагы чабуулунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганын Reuters кабарлады. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары турак үйлөр аткыланганын жазса, ал эми Израил күчтөрү "Ислам жихады" тобунун кеңсесин жана аскердик объектилерин гана бутага алганын билдирип жатышат. Шаардын батыш бөлүгүндөгү ал-Мазза жана Кадсая райондорундагы имараттар соккуга кабылганы айтылды.

Дамаск шаары. 2024-жылдын 14-ноябры.

Израил "Хезболлага" Сириядан курал-жарак ташуунун бардык жолдорун жабарын бейшембиде Тель-Авивдин Коргоо министрлигинин өкүлү Даниэл Хагари билдирген.

Даниэл Хагари

"Биз "Хезболла" Израилге каршы колдонуп жаткан ракета жана башка курал-жарактар Сирия аймагынан чыгып жатканын аныктадык. "Хезболлага" Сириядан курал берүүгө кандай гана аракет кылышпасын, ага жол бербейбиз. Биз Сириянын "Хезболла" үчүн курал-жарак чыгарып жаткан аймагын бутага алабыз".

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар. Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Израилди "аскердик кылмышка" айыптоодо.

Израил азырынча комментарий бере элек, бирок адатта бул өлкө мындай айыптоолорду четке кагып, эл аралык укук нормаларынан чыкпаганын, Израилге коркунуч келтирген, тынчын алган күчтөргө гана каршы күрөшүп жатканын айтып келет.

Дагы караңыз Газа: Израил аба соккуларын күчөтүп, танктар менен рейд жүргүздү


2023-жылы 7-октябрда Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп табылган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган.

Ошондон бери Газада 43 миңден ашуун адам өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.