Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректер кыйылат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 15-ноябрда көчмө маалымат жыйынында билдирди.
Ал мындай чечимге келерден мурда бир топ изилдөөлөр жүргөнүн айтып, бактар карып, шаар тургундарына коркунуч жаратканы үчүн кыйыла турганын айтты.
"Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген экен. Катуу шамалдан кулай турган болсо шаар тургундарына кооптуу болот. Биз жаңы жалбырактуу бактарды тиксек, шаардын климатына туура келет экен. Азыр Айтматов көчөсүндө эле 1400 бак карыптыр. Анын ичинен 200 бакты кыйганы турабыз", - деди Айбек Жунушалиев.
Жунушалиев Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтилбей турганын жана жаңы тигилген теректердин арасында веложол менен эс алуу жайы пайда боло турганын кошумчалады.
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, теректерди кыюу жаз айларында башталат.
Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректерди кыюу маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. Өткөн жылы аталган көчөдөгү айрым теректер куурап, зыянкечтер каптап кеткени айтылган. Мунун себебин айрым адистер суунун жетишсиздиги жана бак-дарактардын убагында каралбай калганынан көрүшкөн.
Ушул тапта Бишкек шаарында 250 миңдин тегерегинде гана бак-дарак бар. Бул шаар аянтынын 10% дагы түзбөйт. “Арча демилгеси” коомдук фонду 2014-2021-жылдары Бишкекте 479 гектар жашыл аймак кыскарганын изилдеп чыгышкан. (MKt)