Украина: Карапайым тургундар эки оттун ортосунда калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын чыгышында орус армиясы илгерилеп, анан үстүнө кышкы ызгаар башталганы карапайым элге түйшүк түштү. Украин армиясы бейшембиде эртең менен билдиргендей, бир нече облуста Курск тараптан атылган орусиялык 21 дрон атып түшүрүлгөнүн, дагы 38инин локациясы аныкталбай калды. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп шаршембиде мамлекет башчы Жо Байден менен Ак үйдө жолукканда Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу сөз болгону кабарланды.