Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев саясаттагы жана илимдеги ишмердиги тууралуу жаңы китебин жарыялады. Акаевдин жакындары билдиргендей, “Менин илимдеги жана саясаттагы жашоом” деп аталган китептин бет ачары 14-ноябрда Москвада өттү.
Китепте "Президенттиктен кийин кандай жашоо күтөт? Пенсиябы жа илимий ачылыштарга бай толук жашообу?", "Глобалдык өзгөрүүлөр дүйнөсүндө өзүңдүн жана өлкөңдүн кадыр-баркын кантип сактап калса болот?" деген сыяктуу суроолордун тегерегиндеги жеке ой-толгоо, тажрыйба жана фактылар келтирилгени маалымдалды.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоодон кийин бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эмгектенет, аталган окуу жайдын профессору.
Физика-математика илимдеринин доктору Акаев Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, бир нече илимий эмгектин автору.
Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
Быйыл сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, парламент аны четке каккан. Акаев өзү бийликтен негизсиз кулатылганын айткан. (RK)
Дагы караңыз
Орусия Түндүк Кореянын аскерлерин окко салдыТрамп Мамлекеттик департамент башчылыгына Марко Рубиону сунуш кылдыСот Султанбековду, Карамушкинаны, Түрксеверди эки айга камады МАГАТЭ Иранга сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кыскарышы ыктымал экенин эскертти