Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашуу. Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек - Ош жолундагы "Сосновка" өткөрмө бекетинен жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө 14-ноябрда, саат 18:00дөн тартып киргизилгенин билдирди.

"Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылды", - деп айтылат маалыматта.

Мекеме жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынарын айтты.

Синоптиктер 13-14-ноябрда аба ырайы туруксуз болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирген. Айрым жерлерде туман түшөт. (MKt)

Дагы караңыз

Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолу жеңил унаалар үчүн ачылдыАкылбек Жапаров жаңы салык саясатынан кийин насыя алган ишкерлер 67% көбөйгөнүн айтты Орусиянын соккусунан Донецкиде кеминде эки киши каза таптыДСУ Кыргызстанга кант диабетин аныктоочу фундус-камераларды берди