Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолу жеңил унаалар үчүн ачылды


ӨКМнын сүрөтү.
ӨКМнын сүрөтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-ноябрда түштөн кийин Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолу жеңил унаалар үчүн ачылганын кабарлады. Кар жаап, тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, тыгынды болтурбоо максатында №960 Жол тейлөө ишканасынын сунушу менен жол бүгүн саат 09:30дан баштап убактылуу жабылган.

24-октябрда Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолундагы Тоң-Мурун ашуусунда тыгын пайда болуп, автоунаалардын кыймылы чектелген. Транспорт жана коммуникация министрлиги буга узак жолго чыккан автоунаалардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болгонун белгилеген.

Министрлик автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырууда.

Синоптиктер 13-14-ноябрда аба ырайы туруксуз болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирген. Айрым жерлерде туман түшөт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG