Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы менен Кыргызстанга мобилдүү фундус-камералар алынды. Бул тууралуу Бишкекте 14-ноябрь - Кант диабетине каршы күрөшүү күнү белгиленген иш-чарада айтылды. Оорунун алдын алуу долбооруна катышкандардын бири, офтальмолог Анжела Миржалиеванын айтымында, Кыргызстанга келген төрт камеранын ар биринин баасы 6-8 миң доллар турат. Маалыматка караганда, бир стационардык фундус-камера Бишкектеги эндокринология борборуна жана Чүй облустук ооруканасына берилди. Калган экөө Аламүдүн районунда жана Токмок шаарына бөлүнөт.
"Бул долбоор мурдагы постсоветтик аймакта Арменияда жана бизде гана иштеп жатат. Кыргызстан тоолуу район, көп райондордо көз доктурлар жетишпейт. Ошондой учурда медайым фундус-камера менен кыдырып, өзү эле диабеттик ретинопатияны аныктай алат. Кант диабети менен ооруган ар бир үчүнчү бейтапта диабеттик ретинопатия бар, ал өтүшүп кетсе, адам көрбөй калат. Медайым кылган скрининг дароо дарыгердин ноутбугуна келип түшөт. Анын негизинде дарыгер кандай дарылоо керектигин чечет”.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Кыргызстанда калктын 8,8% кант диабетин алып жүрүшү мүмкүн деп күмөн санайт. Бул ар бир үчүнчү бейтап өз оорусун билбейт дегенден кабар берет.
Мындан улам аталган уюм Саламаттык сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк диабет фонду менен биргеликте үч жыл мурда кант диабетинин алдын алуу долбоорун баштаган.
Ага ылайык, 119 медайым жана 24 медициналык кызматкер көздү скрининг кылып, кант диабетин эрте аныктоону үйрөнүшкөн.
Адистердин айтымында, кант диабети денедеги зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат, мындан улам анын канында глюкозанын өлчөмү көбөйөт. Эгер убагында каттоого туруп дарыланбаса, дарттын кесепети оор болушу мүмкүн.
Кыргызстанда кант диабети менен 85 миңге жакын адам каттоого турган. (ST/KE)
Шерине