Украинанын куралдуу күчтөрү бейшембиде эртең менен билдиргендей, бир нече облуста Курск тараптан атылган орусиялык 21 дрон атып түшүрүлдү, дагы 38инин локациясы табылбай калды. Андан тышкары Донецк облусунун прокуратурасы акыркы 24 саатта Шевченко айылында эки киши каза тапканын, сегизи жараат алганын маалымдады.
Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиде эртең менен абадан коргонуу системасы Курск жана Белгород облустарында украиналык бирден дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Шаршембиде мекеме Донецк облусундагы Ровнополь деген айылды ээлеп алышканын маалымдады. Украина ал күнү фронттун 97 жеринде кармаш жүргөнүн, айыгышкан салгылашуулар Покровск жана Курахово багыттарында болгонун кабарлады.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам тактоо мүмкүн эмес.
Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетика тармагын бутага алып келатат. Украин бийлиги кыштын келиши менен мындай чабуулдар күчөшү мүмкүн деп чочулайт.
Дагы караңыз
ДСУ Кыргызстанга кант диабетин аныктоочу фундус-камераларды бердиКСДПнын лидери Султанбеков кармалды, шайлоо комиссиясы партияны жарыштан чыгарды"Мыйзам баарына бирдей иштеши керек". Матраимовдун абактан чыгышы, коомдогу талкуу