Сербияда орусиялык белгилүү жарандын өлүмү иликтенүүдө. Орусия президенти Владимир Путинди Украинага каршы согуш ачканы үчүн сындаган 53 жаштагы Алексей Зиминдин сөөгү бул өлкөнүн борбор калаасы Белграддан табылды, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Белгилүү ашпозчу адис жана ресторатор, теле алып баруучу Лондондун борбордук бөлүгүндөгү ресторандардын биринин ээси болчу. Ал орус бийлигин ачык сындачу.
Instagram баракчасындагы 4-ноябрдагы акыркы постунда ал 7-ноябрда Белградда атайын кечки тамак уюштурарын жазган жана Улуу Британиянын маданиятынын тарыхы тууралуу жеке көз карашын чагылдырган "Англомания" китебинин бет ачарын өткөрөрүн жарыялаган.
Зимин мурда орусиялык НТВ телеканалында кулинардык шоунун алып баруучусу болчу. 2022-жылы Орусия Украинага кол салганда ал социалдык түйүндөргө согушка каршы пикирин ачык жазган.
"Алып баруучунун согушка каршы позициясынан улам жаңы чыгарылыштар болбойт. Өкүнүп жатамбы? Жок. Акыры согуш ачканыбызга өкүнүп турам. Мен согушта эмесмин, согуш менин ички дүйнөмдө", — деген ал.
Лондондо Зимин Zima деп аталган орус ресторанын башкарып, анын журналын чыгарып турчу.
Москвада да бир нече ресторан ачкан, гастрономиялык Afisha журналынын башкы редакторунун орун басары жана Afisha Food басылмасынын башкы редактору болгон. «Коммерсантъ» жана «Ведомости» басылмаларына да жазып турчу. (RK)
Дагы караңыз
Ташиев: Райым Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөп, анан чыкты"Ачка калып, сексуалдык зомбулукка чыдап жашашат". Түркмөн балдар үйүндөгү абал Акылбек Жапаров Асман шаарын курууга акча табылганын айтты