Жети айдан ашык убактан бери УКМКнын тергөө абагында жаткан Матраимовду бошотуу өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү келтирип, 11-ноябрда Биринчи май райондук соту аны канааттандырган.
Коррупцияга айыпталып, абакта отурган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылышы боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрда Жогорку Кеңеште түшүндүрмө берди. Ал депутат Балбак Түлөбаевдин Райымбек Матраимов абактан чыгарылганы коомчулукта чоң суроо жаратканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, мурдагы бажычы мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар төлөп бергенден кийин абактан чыкканын айтты.
"Райымбек Матраимогов үч берене менен кылмыш иши козголгон: "Чек араны мыйзамсыз басып өтүү", "Ээнбаштык" жана "Кылмыштуу кирешени адалдоо". Биз аны кармап келгенден кийин, ишин 8 ай тергедик. 2 күн мурун ал абактан чыкты. Матраимов бюджетке 200 млн долар төлөп чыкты, бул 2 млн же 20 млн доллар эмес. Араңарда бизнес кылган депутаттар бул канча көп акча экенин жакшы билишет. Бул - 17 млрд сом. Матраимов буга чейин 2,5 млрд сомду бюджетке төккөн. Ошондо жалпы 19,5 млрд сом төлөдү. Албетте баары накталай эмес, мүлк менен да алынды. Мүлктүн баарын баалап, арзан баада баалап, алдык. Жакында соту болот, анда биз койгон беренелер боючна жазасын тартат же айып пулун төлөйт. Акчасын төлөгөн соң аны камакта кармап отуруштун эч кандай пайдасы жок болчу, мамлекетке да, өзүнө да", - деди Ташиев.
УКМК төрагасы жакында президенттин тапшырмасы менен быйыл мамлекетке кайтарылган мүлк жана акча каражаттары боюнча кенен маалымат берерин кошумчалады.
Кыргызстанда соңку беш-алты жылдан бери коррупциялык иштердин чордонунда болуп келген Райымбек Матраимовдун 11-ноябрда эч жакка тил кат менен эркиндикке чыкканы эки күн өткөн соң гана белгилүү болду. Бул маалыматты үй камакка которуу чечимин кабыл алган Биринчи май райондук соту жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, сотко Райымбек Матраимовду абактан чыгаруу боюнча УКМКнын тергөөчүсү өтүнүч келтирген.
“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 11-ноябрындагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган”, - деп жазылган соттун билдирүүсүндө.
Быйыл 23-мартта УКМК Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталып, аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Анын алдында УКМК трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармаган.
Атайын кызмат алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин белгилеп, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта үч бир тууганы менен бирге Азербайжандын борбору Бакуда кармалып, Бишкекке алып келинген.
Ал УКМКнын атайын операциясынын негизинде кармалганы белгилүү болгон. Андан бери анын үч бир тууганы үй камагына чыгарылды. Райымбек Матраимов болсо ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу.
Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.
27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган.
Матраимовдун үй камакка чыгышы абакта соттолгон Мелис Аспековдун видеолору соцтармактарга жарыяланып жатканы учурга туш келди. АКШда жашап жүргөн активист Тилекмат Күрөңовдун соцтармактагы баракчасы аркылуу утур-утур видеосу жарыяланып жаткан Аспеков билдирүүлөрүндө бир нече жолу Матраимовдун атын атаган.
18 мүнөттүк видеодо Аспеков 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурундагы айрым жагдайларга токтолуп, Матраимовдон алынды делген каражат тууралуу айткан:
"Биринчи бир жарым миллионду Райым Матраимов төрт жолу бөлүп берген. Биринчи 200 миң, анан 400 миң, 700 миң, анан калганын берген да. Ошентип, эки күндүн ичинде Матраимов акчанын баарын толуктап берген. Биринчи бергенди Садыр Жапаровго төкпөй-чачпай алып келип берип жаттым. Ал акчаларды Баткенге, Ошко, Жалал-Абадга, Көлгө - жети дубанга жиберип жатышты. Ошол 1,5 млн доллардын 150 миңин Садыр Жапаров "Чүйдүн балдарын чогулт" деп мага берген".
Бирок Аспеков бул айткандарына эч бир далил көрсөткөн эмес.
Дагы караңыз Орунбеков Аспеков Матраимовдон 3 млн доллар алып, өзүнө коротуп койгонун билдирдиКөп өтпөй президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Аспековго жооп берип, анын сөздөрүн четке каккан. Ал Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алганын, ал каражатты өзү пайдаланганын айткан.
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген соңку маегинде өз дарегине айтылгандарга пикирин билдирген:
"Мамлекеттин иши менен алек болбой, ар бир аферистке жооп берип отурсам, кантип мамлекетти өнүктүрөбүз? Ошондуктан анча-мынча сындарга көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет. Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси, көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз", - деген Жапаров.
Дагы караңыз Президент Жапаров Аспековдун, Темировдун билдирүүлөрүн жалаа деп сапаттадыСаясатчы, активист Мавлян Аскарбеков Аспековдун айткандары иликтениши керек деген көз карашты айтып келатат:
“Мелис Аспековдун видеолорунан кийин анын чын-төгүнүн билүү үчүн тергөө тобу түзүлүп, иликтенип, ачыкталышы керек эле. Аспеков жана башка адамдар суралышы шарт болчу. Бирок андай аракеттерди көрбөй жатабыз. Ал эми бүгүнкү күндө Матраимовдун абактан чыгышы Аспеков айтып жаткан иштер боюнча Матраимовдун оозун жабуу, кандайдыр бир соодалашуу аракети деп эсептесек болот. Бирок муну азыр так айта албайбыз, мүмкүн десек болот. Райымбек Матраимов жана анын бир туугандарынын абактан чыкканы – бул соттордун акыйкатсыз чечим чыгарып жатканы жана Матраимовдорго карата бийликтин туура эмес мамилеси экенин айткым келет. Учурунда президент дагы, УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев да Матраимов менен Көлбаевдер Кыргызстанда чоң мафия түзүп алды деп айтышкан”.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташтарынын бири Мирлан Дүйшөнбаев "соодалашуу болду" деп эсептебейт:
“Матраимовго карата коюлган айып адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыш эмес. Сот отурумдары жүрүп отуруп, анан жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылды. Аны менен соодалашуунун бийликке кереги жок. Соттун чечимин дал келүүчүлүк деп болжоп жатам”.
- Райымбек Матраимов Кыргызстанда соңку он жылга жакын убакыттан бери көңүл борборунда фигура. Анын бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды түзгөнү тууралуу "Азаттык" баштаган маалымат каражаттары бир нече иликтөөлөрдү жарыялаган. Ал учурдагы бийликтин Матраимовго карата эч кандай чара көрбөгөнү коомчулукта нааразылык жаратып, ушул жагдай 2020-жылдагы элдик толкундоонун себептеринин бири катары айтылып жүрөт.
Ал эми Садыр Жапаров бийликке келген соң Матраимов камаларын убада кылган. Райымбек Матраимовду 2021-жылы УКМК аны коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.
Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
Андан эки жыл өткөн соң Матраимовдун аракеттине бийлик кайра көңүл бурган эле.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду Камчы Көлбаев менен бирге “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптап, ал өлкөдө жупуну “Матиз” минип жүргөндөй жашашы керектигин белгилеген.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Андан бери Көлбаев-Матраимовго жакын мамиледе болгон онго жакын парламент депутаты мандатынан ажырап, жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер ишткен кеткени кабарланган.