Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүндөгү эң аялуу болгон тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырды. Мамлекет башчы бул тууралуу 13-ноябрда, Баку шаарында климаттын өзгөрүшү жана тоолор маселеси боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогдо айтканы президенттин сайтына жарыяланды.
Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга жана мөңгүлөргө тийгизген терс таасирин белгилеп, климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл экенин белгиледи.
Президент тоолуу аймактарда табигый шарттардын катаалдыгы, айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгү аздыгы, түрдүү табигый кырсыктардын көптүгү жана башка кыйынчылыктар анда жашаган адамдардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып, жакырчылыктын өсүшүнө алып келерин эскертти.
“Бүгүн климаттын өзгөрүшү биздин мөңгүлөргө, суу ресурстарыбызга, айыл чарбабызга жана жалпы элдин жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандын мөңгүлөрү теңдешсиз ылдамдыкта эрип жатат: акыркы 50-70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 1262 чакырым чарчыга же жалпы аянттын 16% кыскарды. Бул тенденция уланса, кылым аягында мөңгүлөрдүн көбү жок болуп кетиши мүмкүн. Бул жөн гана статистика эмес – бул мөңгүлөрдөн башталган таза сууну пайдаланган миллиондогон адамдардын жашоосуна жана жыргалчылыгына түздөн-түз коркунуч”, - деди Садыр Жапаров.
Президент климат көйгөйүн бир да өлкө өз алдынча чече албай тургандыгын баса белгилеп, климаттын өзгөрүшүнө эң аз таасир эткени менен, бирок климаттык өзгөрүүлөргө эң аялуу тоолуу мамлекеттерге эл аралык коомчулуктун колдоосун күчөтүүгө чакырды.
Садыр Жапаров Кыргызстандын демилгелери катары климаттын өзгөрүшүнө арналган “Тоолор жана климат” боюнча декларацияга кошулуу, COP29 күн тартибине жыл сайын тоолор жана климат боюнча диалог өткөрүү сунушун киргизди.
Жапаров эл аралык коомчулукту тоолуу экосистемаларды коргоо демилгелерине жана ак илбирсти сактоо аракеттерине колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климат саммитине 50 миңден ашык адам, анын ичинен жүздөн ашуун мамлекеттин лидерлери катышууда.
COP29 Дүйнөлүк климат саммити Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен 11-22-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбору Бакуда өтүп жатат. Буга чейинки саммит былтыр 30-ноябрдан 12-декабрга чейин Дубайда болгон. (ZKo)
Дагы караңыз
Мамлекеттин үлүшү бар жайларда казино ойнотууга уруксат берилдиГрузияда оппозициялык партия парламенттен чыгарын жарыялады"Экөөнү тең сагындым". Болот Темировдун ата-энесин күткөн уулу "Кыргыз кереметинин" чолпону - Клара Юсупжанова Орусия: 570тен ашык мигранттын айлыгы Кыргызстандын кийлигишүүсү менен төлөндү