Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Орусия: 570тен ашык мигранттын айлыгы Кыргызстандын кийлигишүүсү менен төлөндү


Курулушта иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Курулушта иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда айлыгын ала албай жүргөн кыргызстандык мигранттардын маселеси чечилгенин Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан 573 кыргызстандык акысын алды, аларга төлөнүп берилген акчанын жалпы суммасы 40 млн 330 миң рублди түзөт.

Мындан тышкары министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен жумуш учурунда кырсыктап, ден соолугуна доо кеткен мигранттарга иштеген жеринен кенемте төлөндү. Анын суммасы жалпы 5 млн сомду түзгөн.

Кыргызстандын 400 миңдей жараны Орусияда эмгек миграциясында жүргөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

Мекеменин маалыматына ылайык, быйылкы жарым жылда Орусиядан он миңге чукул кыргызстандык мигрант ар түрдүү административдик мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу сот органдарынын чечими менен чыгарылган.

2024-жылдын июнь-август айларында ар кандай себептерден улам Кыргызстандын 300гө жакын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылды. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG